Menu

Тойчубеков шишкебек жеп жүрөбү?

Бөлүшүү:

Адамга оомат келгенде салааларынан акча деген таруудай куйулуп ал тургай санагандан качып калат экен сөөмөйүм жооруп кетти деп. Ансыңарындай кезинде мадырайып жарым айга окшоп чыга калган бир жарыктык бар эле Юруслан Тойчубеков
деген.

Охоо анын илебине токоч эмес кадимки учалар эзиле бышып турган. Бир туугандарына, кудаларына, досторуна гана эмес көздөй болгон жээндерине жарыгы тийип укмуш көөп кутуруп кеткен. Баскан жерине чөп чыкпай, Баткенге чейин ийри изин калтырууга жетишкен. Бышкан өрүктү таңдайына салып эркелеп, түштүктүн ашына ак койдой болуп семирген. Эмнеси болсо да анын доору акыркы чегине жетип, көздөн далдоо жерге бекинген кези.

Ошол шылуундун амалы менен бир кезде ийге келтирилген кагаздардын эсебинен былтыйып тойунуп алгандар “Илбирсте” деле бар экенин узун каңшаар кылып айтып калышат. Чынында эле үңүлүп саресеп салсаң кызыктар табылбай койбойт. Ал эми оңбогондой жолдор аркылуу жанын баккысы келген, түк тойбогон Тойчубеков болсо эшекти кытайга экспорт кылам деп оңкосунан сайылды. Эми темир торго түшпөсө да элге көрүнбөй башын сактоонун өзү жаман жышаан эмеспи? Учурда Юруслан тууралуу ар кандай божомол-дөдөмөлдөр токулууда. Бири Бээжинде десе, төртүнчүсү айылдын ээн аймагында эшектин этинен жасалган шишкебекти карсылдатып жеп жүрөт деп тамашага салышат. Бул тирүүлүктө ушундан өткөн кордук жок десек ким макул болбойт? Бир гана Тойчубеков, анын жармачтары макул болбойттур балким биздин аныктообузга. Мейли, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша оокатын кылууга жанталбас кылат, туурабы? Демек, Тойчубековдун да өзү тандап алган кыйшык жолу бар…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: