Menu

Бакыт Бакетаев, саясый серепчи: “Революция жасаган кишилер картайды, ал эми жаңы күчтөр болсо али жетиле элек”

Бөлүшүү:

– Бакыт мырза, азыркы саясый кырдаалга кандай баа бересиз? Дагы революция болушу мүмкүнбү?

– 2011-жылдан бери «революция жазында болот, күзүндө болот» деп эле келатабыз. Лев Николаевич Гумилев деген тарыхчы болгон, саясый лидерлер ошонун жазгандарын, «Пассионарная геория этногенеза» деген эмгегин шашпай бир барактап чыгышса. Ошол жерде бүт формула жазылган. Орто Азияны ал кишидей эч ким терең изилдеген эместир. Мына, биз эки жолу революция жасадык. Мен алтымыштан ашкан кишимин, сальто жасай албайм. Жыйырма жашымда оңой эле жасачу элем. Эл деле адам сыяктуу. Гумилевдун теориясы боюнча, мезгил келмейинче революция болбойт. Эмки революция 2028-жылы гана болот.

– Эмне үчүн 2028-жылы?

– Анткени, биздин жаңы муун өсүп, сальто жасай турган жаштар пайда болгондо, мына ошондо ишке ашат. Бүгүнкү күндө революция жасаган кишилер картайды, ал эми жаңы күчтөр болсо али жетиле элек. Алар жетилип, революция жасаганга даяр болгончо бир топ жыл керек. Дооронбек Садырбаев айткандай, биз Европага чейин парламенттик системада жашаганбыз. Бүт маселелерди курултайда чечишкен. Парламентаризм биздин каныбызда бар. Ошого жетмейинче эл тынчыбайт. Бирок, ал системаны кайрадан алып келиш үчүн дагы убакыт керек.

– Эл ичинде «бул жолку революцияны кайра эле Атамбаев жасайт» деген пикирлер айтылууда. Кандай деп ойлойсуз, Атамбаев революция жасашы мүмкүнбү?

– Жок. Анткени, Атамбаев уюштурабы, же Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаров уюштурабы, жалпы эл революция кылганга даяр эмес. Революциялык температура көтөрүлө элек. Температура 2010-жылы 41 градуска чейин көтөрүлүп, анан 36га түшкөн. Анан дароо эле кайра көтөрүлүп кетпейт да. Он жылдап көтөрүлөт. Муну Атамбаев да жакшы билет. Украинадагыдай мыйзамдын, шайлоонун негизинде бийликти алмаштырса болот.

– КСДПнын лидери катары Атамбаевдин жеке өзүнүн келерки парламенттик шайлоодогу шансы канчалык деп ойлойсуз?

– Коррупциялык чыр-чатактардан кийин КСДПнын, Атамбаевдин кадыр-баркы төмөндөдү. Кубаныч Кулматов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов камакта отурат. Партиянын аброюн көтөрүш үчүн кыйла убакыт талап кылынат. Эгерде парламенттик система болгондо, депутаттардын саясатка таасир эткенге мүмкүнчүлүгү болот эле. Азыр таасир эте алышпайт. Анткени, Конституция боюнча бийликтин баары президентте. Мен 2016-жылы Атамбаевге шыр эле Германиянын Конституциясын көчүрүп алып, кыргыздын парламенттик башкаруу системасына өтүп кетпейлиби (?) десем, «жок, биз кээ бир келесоолордон коргонуш үчүн аста-аста өтүшүбүз керек» деген. Туура эмес кылды. Эгер ошондо парламенттик системага өткөргөндө, азыр Атамбаев күчтүү болот эле.

– Балким, ошол учурда бул нерсе анын кызыкчылыгына дал келбегендир…

– Балким. Бирок, ошондо парламенттик системаны киргизгенде күчтүү болмок. Азыр күчтүү боло албайт. Эчтеке кыла албайт. Элибиздин элүү пайызы дайыма бийликти колдойт. Он пайызы кандай лидерди апкелип койсоң да дайыма оппозицияда болот. Калган кырк пайызы нейтралдуу. Бийлик да, оппозиция да өзүнө тартыш үчүн ошол кырк пайыз менен иштейт. Анан калса азыркы президент жаңы эле шайланбадыбы. Өтө эле бир чоң кемчилик кетирбесе, эл аны колдой берет.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: