Menu

Сириядан келген кыргыз жигитин кармашты

Бөлүшүү:

Сирия аймагында диверсиялык даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келгени кабарланган 28 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдап чыкты.

Кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмга кошулуп кеткени такталып, издөөдө жургөн. «Ал 2018-жылдын ноябрь айында уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда жашыруун уюмча (ячейка) түзүш үчүн кайтып келген. Колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп жүргөн. Борбор Азия өлкөлөрүнөн «куралдуу жихад» жүргүзүү максатында Сириядан согушкерлердин келишин күтүп жаткан учурда кармалган» дейт УКМК.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: