Menu

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды

Бөлүшүү:

Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты.

«Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын (ред: компаниянын) колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз», – деди Боронов.

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Бүгүн, 25-апрелде Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Тоң районуна барышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. Абылгазиев ошол учурда келишимге кол койгон жетекчилер уран иштетилерин билгенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: