Menu

Тажикстанда ИИМ имаратына кол салууга айыпталган жаран 20 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Душанбе шаардык соту Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имаратына кол салууга аракет кылган деп айыпталган Орзу Саидалиев аттуу жаранды 20 жылга эркинен ажыратты.

Соттун материалдарына ылайык, 24 жаштагы Саидалиев былтыр Казакстанда иштеп жүргөндө социалдык түйүндөр аркылуу «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү менен байланышка чыгып, уюмдун башчысы Абубакр Аль-Багдадиге террордук акт жасайм деп убада берген.

Ал интернет аркылуу «Ислам мамлекетинин» эмиссарларынын бири Абу Усама Норакиден (Тожиддин Назаров) тапшырмаларды алып турган. Алгач ага коомдук тартипти бузуу жана элдин үшүн алуу үчүн Фархор районундагы Навобод айылдык кеңешинин башчысы Сайфулло Ятимовду өлтүрүү тапшырмасы берилген. Саидалиевдин экинчи максаты Тажикстандагы белгилүү ишкерлердин бири Диловар Мухиддиновдун үйүн өрттөө болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Саидалиев бул ишти пландоо үчүн ишкердин үйүн жана автоунаасын сүрөткө тартып, аларды Норакиге жиберген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, бирок анын негизги максаты ИИМдин ички курамы эртең менен тизилген маалда кол салуу болгон. Соттун өкүмүндө Абу Усама Нораки Саидалиевге граната жана Калашников автоматы менен «жихад жасоо» тапшырмасын бергендиги жазылган.

Тажик бийлигинин билдиришинче, Саидалиев былтыр 20-декабрда дарыя жээгине катылган 200 доллар акча менен мобилдик телефонду алганы барган маалда колго түшүрүлгөн. Анда анын жанынан Калашников автоматы жана согуштук граната табылганы кабарланган. Бирок Саидалиевге деп ал акча менен мобилдик телефонду ким катып койгону тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.

Ушул эле иштин алкагында Орзу Саидалиевдин жакын тууганы Лоик Саидалиев даярдалып жаткан бул кылмыштар тууралуу укук коргоо органдарына кабар берген эмес деген айып менен бир жарым жылга соттолду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: