Menu

ИИМ: Милиция кызматкерлеринин айлык маяналары боюнча толук маалымат билдиребиз

Бөлүшүү:

25-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетун угушкан. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Урматбек Самаев ички иштер министри Кашкар Джунушалиевге төмөнкүдөй суроо узаткан: “Милиция кызматкерлери канча айлык алышат жана үй-бүлөсүн багуу үчүн бир айга 8 миң сом жетеби?” Бирок, айрым маалыматтык агенттиктер министрдин жообун туура эмес түшүнүп алышкан, ал эми башка маалыматтык агенттиктерде иштеген кесиптештери бул маалыматты чагылдыра башташкан. Депутаттын суроосуна министр Кашкар Джунушалиев, “Мүмкүн болушунча жашап жатабызда, жетишинче”, -деп жооп берген. ИИМдин башчысы өз жообунда, милициянын кенже сержанттык курамы чындыгында 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин аларын белгилеп, бирок ал каражат жетиштүү экендигин айткан эмес. Аны видеодон текст жана эмоция түрүндө байкоого болот. Ички иштер министри, суроолорго жооп берип жатып, парламенттин депутаттарын экинчи окууда ИИМ тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранган. 2018-жылдын 28-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Укук корго органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алгандыгын эскертебиз. Мыйзам долбоорду экинчи окуунун алдында зарыл болгон сунуштар менен эскертүүлөрдү киргизүү үчүн кошумча кеңири талкууга коюу сунушталган.

Бул мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибинин жана шарттарынын бирдей укуктук жана уюштуруучулук негиздери, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук абалы (статусу) жана социалдык жактан камсыздоо кепилдиктери, бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн, кийим-кече, пенсия менен камсыздалышынын жана социалдык колдоонун тутумун унификациялоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүндөгү чектөөлөр аныкталган.

Демек, мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ИИОдо кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын 40 пайызга чейин көбөйтүлмөкчү, бул болсо укук коргоо кызматынын аброюн көтөрүп, күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Укук коргоо органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду колдоп берүүнү суранат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: