Menu

Өзбекстанда мугалимдер өз жер тилкелерине күнөсканаларды орнотууга мажбурланууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Хорезм облусунун Хива районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди базар баасынан эки эсе кымбат күнөсканаларды орнотууга мажбурлап жатышат.

Мугалимдердин айтымдарында, бийлик алардан күнөскана үчүн айлыктын эсебинен төлөөгө макул экендиктери тууралуу тил каттарды жаздырып алышкан. Аталган райондогу №15 мектептин мугалими күнөсканалар базарда 1,5 миллион сум (180 доллар) турса, аларга 3 миллион сумдан (360 доллар) сатылып жатканын билдирди.

«Мектептеги мугалимдердин бардыгы өз тилкелерине күнөсканаларды орнотуп, кулпунай өстүрүүгө аргасыз болуп жатышат. Сентябрдан бери айлыгыбыздан 30 пайыздан кармап калышууда. Директорубуз бул жогорку жактын буйругу экенин айтып, ай сайын айлыктын 30 пайызын кармап калууга макулбуз деген тил кат жаздырып алган. Мага күнөскана керек эмес, ал жерде өсүп жаткан башка жашылчаларды жок кылгым келбейт», — деди ал.

Аталган мектептин директору Даврон Оллоназаров мугалимдер өз тилкелерине күнөсканаларды орнотуп жатканын ырастады. Бирок анын айтымында, эч кандай мажбурлоо жок. «Биз аларга кышында өздөрүнүн жер-жемишин жеп чыксын деп күнөскана орноткула дегенбиз. Эч кимди мажбурлаган жокпуз, бул ишти алар өз каалоолору менен жасап жатышат», — деди директор.

Мурдараак аталган райондогу банк кызматкерлери дагы жапырт түрдө күнөсканаларды орнотууга мажбурланып жатканы кабарланган. Азырынча Хива районунун бийлиги бюджеттик мекемелердин жумушчуларын күнөскана орнотууга мажбурлоо боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Буга чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жыйындарда бир нече жолу «күнөсканалар киреше булагы экенин» айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: