Кыргыз Республикасында 32 миң бейөкмөт уюм катталган. Бул тууралуу 24-апрелде парламент жыйынында юстиция министрлигинин маалыматына таянып, УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл керек. «Көзөмөл керек, бирок УКМКнын атынан эмес. Анткени алардын арасында пайдалуу уюмдар жана пайдасыздар да бар. Ар кандай тармактарда иштешет. Каражаттарын кайда жумшап жатканын көзөмөлдөш керек» деди Кадыркулов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ