Menu

ИИМ: “Азия news” гезитине чыккан министрлик тууралуу ар кыл пикирлерге  өз жообун билдирет

Бөлүшүү:

“Азия news” гезитинде ИИМ министрине жана анын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар сын-пикирлер жарыяланган. Ал пикирлер ар кыл убакта, ар кыл жагдайларда жана ар кайсы маалымат каражаттарына жана социалдык түйүндөрүнө жарыяланган. Биз башкы редактор Аслан Сартбаевдин, коомдук ишмерлер Турат Акимовдун, Алга Кылычевдин, Аманбол Бабакуловдун, Мээрбек Мискенбаевдин, Айбек Мырзанын жана Урмат Акуновдун сын-пикирлерин, демилгелүү ойлорун сыйлайбыз, бирок ошентсе да ИИМ өз кезегинде аша чаап кеткен пикирлер боюнча өз пикирин айтып келген жана айтат, ошол себептүү биздин пикирди да коомчулук билүүгө укуктуу экендигин баса белгилөө менен төмөндөгүлөрдү белгилейбиз.

Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамдын талаптарында жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө, жалган маалыматтарды атайылап калкка жарыялоого жол бербейт деген беренелери бар экендигине карабастан жалган такталбаган маалыматтар да, жеке таарынычтар да жогоруда аталган макалалардын арасында жарыялангандыгын байкоого болот.

ИИМ кылмыш дүйнөсү менен, кылмыштуулук менен күрөшкөн жана күрөшүүнү үзгултүксүз улантат. Жарандардын укугун жана коопсуздугун сактоо анын приоритеттүү багыттарынын бири.  ИИМ ички резервдердин эсебинен реформалык жаңыланууларга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана аракеттерин көрүүдө жана анын жыйынтыгын  коомчулук байкоого алып, колдоп жатышкандыгы ачык жана айкын нерсе. Албетте, ички иштер органдарынын кадыр баркын тебелеген, коомдук терс пикирлерди жараткан кызматкерлер жана жагдайларды жок деп айтканыбыз жок, алар менен да келишкис жана аеосуз күрөштү колго алып келе жатабыз.

Эми, кыскача  Ички иштер министрлигинин аткарган ишмердигин негизги төрт багытта жүргүзүлгөндүгүнө токтоло кетели: Биринчи багыт жалпы ишмердүүлүк, экинчи багыт реформалык өзгөрүүлөргө баруу, үчүнчү багыт коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, төртүнчү багыт кызматтык тартип.

Биринчи багыт: Жалпы ишмердүүлүк боюнча айта кетсек, ички иштер министрлиги тарабынан, өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 Жарлыгынын, Өкмөттүн жалпы 490 токтомунун жана мамлекеттик денгээлдеги 3 программанын негизинде ишмердүүлүк уюштурулуп, жүргүзүлдү (Жаңы доорго кырк кадам, Биримдик. Ишеним. Жаратмандык, Баңгизатка каршы Программа). Жогоруда аталгандардын алкагында, Ички иштер министрлиги төмөндөгүлөргө жетишти: Мамлекеттик маанидеги 19 иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартип камсыз кылынды. Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн 72 укуктук-ченемдик актылар иштелип чыкты (5 мыйзам долбоору кабыл алынды, 6 долбоор Жогорку Кеңеште каралууда). 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирип, иштеп жаткан жаңы Кодекстердин жана Мыйзамдардын талаптары боюнча бардык ички иштер органдарында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри”, “Бузуулардын бирдиктүү реестри” ишке киргизилди. Анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча 255 штаттык бирдиктен турган жаңы башкармалык түзүлүп, техникалык каражаттар менен камсыздалды (компьютер-618, принтер-618, диск-773, каражаттары -386). Бул башкармалык, 2019-жылдын 1-январынан баштап, “Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык деген аталышка өзгөртүлдү. Жазык Мыйзамдар жана Кодекстер менен иш алып барууга даярдоо үчүн баардык кызматкерлер окутулуп, 9 миң 427 даана Мыйзамдар менен Кодекстер таратылып берилди. Экинчи багыт реформалык өзгөрүүлөр боюнча: Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын аймактарында коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө, эл менен милициянын биримдигин арттыруу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө максатында, ички иштер органдарынын позициясын коомчулуктун талаптарына ылайык чыңдоо максатында ички иштер министрлиги ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана облустук-шаардык ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын борбордук аппараттарынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүлүп,  жогоруда аталган аппараттардан 625 штаттык бирдиги райондук-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн жана айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди. Анын ичинен 34 жетектөөчүлүк кызматтык орундар, тактап айтканда  ИИМдин аппаратынан-20, ИИББ-ИИБден 14 кызмат орундары кыскартылды. Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргызстандын бардык райондоруна барып аймактын милиция бөлүмдөрүнүн ахыбалы менен жеринен таанышып,  көйгөйлөрүн билип ошонун негизинде ушундай чечимдерди кабыл алган. Дагы  кошумча катарында алардын айрым негиздүүлөрүн да эске сала кетели.

•       Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылган. 2019-жылдын 20-мартында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачтык, ал эми калган облустарда ушул жылы ачууну пландап жатабыз. Борбордун негизги милдети – элге ыңгайлуу шарт түзүү, кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөө болуп эсептелет.

•       Бардык ички иштер органдарында издөөгө алынган жарандарды аныктоо, өлкөнүн  аймагына кирүү-чыгуу укуктары чектелгендер боюнча “Издөө”, “Багыттама”, “Маалым кат” аталыштагы бирдиктүү электрондук каттоо ишке киргизилди.

•       “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулуп, чукул убакыт алкагында так маалымат алууга жана берүүгө мүмкүндүк түзүлдү. Мисалы: транспорт каражаттары, соттуулук, издөөдө жүргөн жарандар тууралуу жана бузуулар жөнүндө.

•       Туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында 62 кызматкерден турган “Туристтик милиция” түзүлдү.

•       Кызматкерлерге жана элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн төрт аймактык бөлүмчө жана эки участкалык пункттар курулуп, ишке киргизилди. Талас жана Нарын облустарында төрт “Милициянын көчмө пункттары” төрт автоунаа менен ишке киргизилди.

•       Бишкек шаарынын Свердлов районунда жарандардан сурак алуу үчүн эл аралык талапка жооп берген “Венециялык айнек”  орнотулду.

•       Кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатат (Бишкек ш. – 216 батир, Ош ш. – 240 батир, Нарын ш. – 60 батир). Андан сырткары Кадамжай,  Кочкор жана  Жети Өгуз райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары салынууда.

•       Ардагерлердин жана милиция кызматкерлерин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулуп, облусттук бардык башкармалыктарда атайын медициналык кызматтар иштеп жатат.

•       Бүгүнкү күндө, Бишкек шаары боюнча милициянын жаңы Кайгуул күзөт кызматын түзүүнү пландап жатабыз.

•       Улуттук гвардиянын курамындагы Ички аскерлер Ички иштер министрлигине берилди.

•       Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан республикаларынын Ички иштер министрлери менен биргеликтеги кеңешмелер өткөрүлүп, коопсуздук, чек-ара, эл аралык кылмыштуулук маселелери боюнча биргелешкен макулдашууларга жетиштик.

•       2018-жылдын 28-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  “Укук корго органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ИИОдо кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүп,  укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын 40 пайызга чейин көтөрүлөт. Ички иштер министрлиги  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Укук корго органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду колдоп берүү тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылды.

Үчүнчү багыт. Коопсуздукту камсыз кылуу  жана кылмыштуулук менен күрөшүү. 2018-жылы ички иштер органдарына 26 миң 553 кылмыш катталган. Өндүрүштө турган 32 миң 360 кылмыштын ичинен 19 миң 861 кылмыштын бети ачылып, 7212  кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам чаралар жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарды. Мисалга алсак, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө операцияларынын негизинде, ар түрдүү кылмыштарды жасап жүргөн, курамында 2 миң 29 адамдан турган 807 кылмыштуу топтор колго түшүрүлгөн.

Аталган кылмыштуу топтор тарабынан жалпы 2 миң 111 кылмыш жасалгандыгы аныкталган. Анын ичинен: Адам өлтүрүү боюнча 17 топ кармалып, алар 41 адамды өлтүргөндөрү такталган.

–       Тоноочулук боюнча 123 топ кармалып, алар 343 адамды тоногондору такталган. Каракчылык боюнча 75 топ кармалып, алар 209 каракчылык жасагандары такталган. Андан тышкары, уурулук, үй уурулук, мал уурулук жана башка кылмыштарды жасаган топтор кармалган.

–       Коомдук коопсуздукту сактоо багытында 2018-жылы өлкөнүн аймагында жалпы 552 митинг жана ар түрдүү нааразычылык акциялары болуп өткөн. Анын ичинен, 60% Бишкек шаарында өткөн. Митинг жана нааразычылык акциялары учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылды. Коомдук жайлардагы кылмыштуулукта жана укук бузууларды алдын алуу үчүн республика боюнча 104 рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Жол коопсуздугун камсыздоо  багытында 2017-жылга  салыштырмалуу жол кырсыктарынын санын кыскартууга жетише алдык. Ыкчам жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде 995 миң 795 жол кыймылынын эрежелерин бузуу аныкталып, республикалык бюджетке 487 миллион 287 миң 275 сом  өлчөмдө акча-каражат түштү.

2019-жылдын 12-февралдан  4-мартка чейин  «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде ишин баштаган. “Коопсуз шаар” боюнча 2019-жылдын 4-мартынан 11-апрелге чейин “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында, жалпы 42 миң 881 жол эрежесин бузуулар катталып, алар боюнча токтомдор чыгарылып, анын ичинен 19 миң 551 токтом боюнча айып төлөмдөр төлөнүп, жалпы төлөнгөн айыптын суммасы 27 миллион 573 миң сомду түзгөн. Башкача айтканда 45,6%. Бүгүнкү күндө “Кыргыз почтасы” жана банктар аркылуу айыптар кабыл алынып жатат. Эми Бишкек шаарынын көчөлөрүндө катталган жол кырсыктары 60 пайызга чейин кыскарат. Мындай иликтөөлөр Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу Мониторинг борбору тарабынан иликтенген.

Төртүнчү багыт кызматтык тартип. Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди жеке өзү көзөмөлгө алууда. Учурда жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңгикылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.Алсак, 2018-жылы ар кандай тартип бузуулары үчүн ички иштер органдарынын катарынан 155 кызматкер бошотулган. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн 263  кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Милдетин так аткарбаганды үчүн 6 миң 941 кызматкерге тартиптик чаралар көрүлгөн. Коррупциялык көрүнүштөр боюнча 13 факты аныкталып, 13 кызматкер кармалган. Кызматкерлерге карата 67  кылмыш иши козголуп, 83 кызматкер жоопко тартылууда. Жол кыймыл эрежесин бузган 541 кызматкер административдик жоопко тартылган.

Ички иштер министрлиги ички иштер органдарындагы маанилүү багыттарды-реформалык өзгөрүүлөргө баруу, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ИИОнун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишин жакшыртуу, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн кызматтык тартибин бекемдөө, мамлекеттик тутумдагы укук бузууларды алдын алууну жакшыртуу, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды оңдоо, андан сырткары өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирген абийирсиз кызматкерлерден тазалоону уланта тургандыгын баса белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: