Menu

CNN: Трамп Орусия жана Кытай менен өзөктүк келишим түзүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп өз администрациясына курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча Орусия жана Кытай менен жаңы келишимдерди иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу The Washington Post жана CNN өз булактарына таянуу менен билдиришти.

Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча Трамп мындай жол менен орус өзөктүк куралдарынын колдонулушун чектөөгө, Кытайдын дараметин текшерүүгө аракет жасоодо. Жаңы келишимге келүү ниети тууралуу АКШнын президенти январь айында америкалыктарга кайрылуу жасаган учурда да билдирген.

Акүй азырынча Трамптын тапшырмасын аткаруу үчүн мүмкүн болгон варианттарды карап жатат. Америкалык басылмалар АКШ, Орусия жана Кытайдын ортосунда өзөктүк курал-жарактар боюнча жаңы келишим түзүлүп калса, бул чоң дипломатиялык жетишкендик болмок деп белгилешүүдө. Бирок мындай документти түзүү бир нече жылга созулушу мүмкүн, Трамптын азыркы президенттик мөөнөтү 2020-жылы аягына чыгат.

Жаңы келишим АКШ менен Орусия ортосунда 2011-жылы түзүлгөн өзөктүк дүрмөттүү куралдарды жок кылуучу СНВ-3 макулдашуусунун ордун басышы мүмкүн.

Washington Post гезитинин маалыматына караганда, Акүй Орусиянын кеңири арсеналдагы чакан жана жогорку маневрдагы өзөктүк куралдарына кабатыр болууда. АКШда мындай куралдар көп эмес. СНВ-3 макулдашуусуна бул түрдөгү куралдар киргизилген эмес.

Басылмалардын маектештеринин пикиринде, Кытай бул сүйлөшүүлөргө такыр кызыкпай коюшу да ыктымал. “Америка Үнү” белгилегендей, Бээжин өзөктүк куралдары АКШныкынан артта тургандыктан бул сыяктуу келишимдерден өзүн оолак кармап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: