“Азаттыктын” журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин аты Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине берилип, куран окутулду. Куран окутканга барган Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» деген иликтөөсүнө пикирин айтты. Анда эл өкүлү: “Ыдырыс Исаков көргөн ишти УКМКнын Идириси (Кадыркулов – УКМКнын төрагасы – ред.) көрбөй калса, анда иш чатак. Кантип көрбөй койгонго болот? УКМК бир эле Алма-Ата көчөсүндө жашаган Атамбаевди карай бербей, Оштогу Атамбаевди да караш керек экен. Ал жак каралбай калып, экинчи Атамбаевди миллионер кылып жибериптирбиз. Ыдырыс Исаков ушундай ишти алып чыкты. Бул дагы Уландын ишинин уланып жатканы” – деп билдирди. Эл өкүлүнүн Идирис Исаковдун боюнча айткан пикиринен кийин Финпол Жалил Атамбаевдин салыктан качканын” текшере баштады. Мыйзам бузууларды аныктоо үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү жумуш башталды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ