Menu

Каракалпакстанда жерин алдырган дыйкан өз жанын кыюуга аракет кылган

Бөлүшүү:

24-апрелде Каракалпакстандын Беруни районунда жашаган 29 жаштагы дыйкан Шухрат Сапаров уй сарайда асынып алган. Бирок аны өз убагында байкап калган туугандары куткарып калышкан.

Маалыматтарга караганда, Сапаров оор абалда райондук ооруканага жеткирилген.

Дыйкандын туугандарынын айтымында, ал район акиминин жемесине чыдабай ушундай кадамга барган. «Жакында эле аким менен анын орун басары жыйын өткөрүп, Шухрат Сапаров пахтанын ордуна коон өстүргөндүктөн, анын жерин тартып ала тургандыктарын айтышкан. Андан соң Шухратты кемсинтип, жыйындан кууп жиберишкен», — деди Сапаровдун туугандарынын бири.

Ал туугандар район бийлиги тарабынан көрсөтүлгөн кысымдар боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин кабылдамасына даттанууга ниеттенип жатышканын кошумчалады.

Акимчилик өкүлү Шухрат Сапаровдун жери пахтанын ордуна коон өстүргөндүгү үчүн алынганын ырастады.

Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн бул факты боюнча райондук прокуратура тергөө иштерин баштаганын кабарлашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: