Menu

ИИМ Ардагерлер кеңеши: Султан Жоошбаев 2019-жылдын 25-апрелинде “Азия ньюс” гезитине жарык көргөн макала боюнча өз оюмду билдиргим келет

Бөлүшүү:

Макаланы окуп абдан нааразы болдук, адамды антип жөн жеринен эле каралаган болбойт. Мынакей, кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин сессиясында биздин министрге айлык акы боюнча депутаттар бир гана суроону беришти. Айлык акынын өлчөмүн  министр аныктап, чечпейт да, ал мыйзам аркылуу Өкмөт тарабынан чечиле турган маселе…

Учурда ИИМде коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу  иш-аракеттери өз деңгээлинде жүрүп жатат десек жаңылышпайбыз. Сөзүбүз кургак болбош үчүн, аткарылган жана аткарылып жаткан иштерге токтоло кетейин. Былтыр 11-майдан баштап «миң уккандан бир көргөн» деп, министр К. Джунушалиев республиканы түрө кыдырып, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн абалы, иштин жүрүшү менен жакындан таанышып,  өздүк курам, ардагерлер менен жолугушту, алардын ар бир жүрөк өйүгөн суроолоруна жооп кайтарды. Анткени ар облустагы, райондогу иштерди өз көзүң менен көрүп чыксаң, иштин жыйынтыгын  сураганга оңой болот эмеспи. Министр көйгөйлөрдү, кемчиликтерди жеринде аныктап,  аларды жоюу боюнча тапшырмаларды берип жатты. Айрым бир райондук ички иштер бөлүмдөрүндө бир гана нөөмөткер бар болгон учурларды аныктадык, ал  талапка жооп бербей турган көрүнүш. 1957-жылдан бери бир дагы министр басып барбаган Чоң-Алай районуна чейин барып, ички иштер бөлүмүндөгү иштин жүрүшү менен таанышып кайттык. Мына ошол иш сапардын жыйынтыгы менен борбордук аппараттагы 625 штаттык бирдик кыскартылып,  аймактардагы бөлүктөрдү чыңдоо үчүн нөөмөткерлердин, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрдүн кошумча  штаттары берилди.  Дагы бир айта кетчү нерсе, Бишкекте  ИИМдин бир гана госпиталы бар. Ага ИИМдин борбордук аппараты, Бишкек ШИИББ, Чүй ОИИББнын кызматкерлери, ардагерлери кайрыла алышат.  Башка аймактардагы кызматкерлердин, ардагерлердин ден-соолугуна кам көрүү максатында министр Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Нарын   облустарында  госпиталдардагы орундарды көбөйттү. Бул эмне жумуш эмеспи?!

Андан тышкары,  2017-жылы кабыл алынган беш кодекс, эки мыйзам боюнча айтайын. Аларды жүзөгө ашыруу, кызматкерлерди жаңы кодекстер боюнча иштөөгө окутуу, үйрөтүү боюнча толгон-токой иштер министрдин жетекчилиги  алдында жүрүп жатты. Ага кошумча «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча ИИМдин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору  Бишкекте, Чүйдө, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында  ишке киргизилди. Бул эмгек эмей эмине?! Эгерде муну түшүнбөгөн киши болсо, ачылмак эмес.

Өткөн жылы сентябрь айында Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндары, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин Саммити, быйыл жакында эле Ош шаарында Түрк дүйнөсүнүн маданият күндөрү  өттү. Бул иш-чаралар өтүп жаткан учурда  коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде камсыздай алышты. Мунун баары милициянын күчү болбогондо, кимдин күчү?!

Жамандай берсе жаман боло берет да. Акты ак, караны кара деш керек. Иштеп аткан адамды иштеди деп айтыш керек. Мисалы, Ички аскерлерди кезинде кол коюп туруп Улуттук Гвардиянын курамына өткөрүп берип салышкан. Мен ошондо бул нерсе мыйзамды билбей туруп жасалган иш болгонун айтып чыкканмын, анткени Улуттук Гвардия менен Ички аскерлердин айырмасы асман менен жердей. Мынакей, акыйкаттык орноп Ички аскерлер кайрадан ИИМге кайтарылып берилди. Мунун баары бөлөк бирөөнүн эмес, Ички иштер министри К.Джунушалиевдин жетекчилигинде жасалып жаткан иштер. Анткени ал өзү аталган кызматта иштеп, аны ийне-жибине чейин билген адам. Мынакей, азыр «Коопсуз шаар» долбоору иштеп жатат, ага кошумча күч дал ушул Ички аскерлер.

Кимдир-бирөө тууралуу кандай гана сөз, сын-пикир айтылбасын, ал «мурда мындай болчу, азыр минтип калды» дегендей,  салыштырмалуу түрдө айтылышы керек. Ал эми бул макалада эч кандай салыштыруу жок, жөн гана айтылган кургак сөздөр.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: