Menu

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Конституция тар чөйрөдө даярдалып, “оптом” өзгөртүлүп, ким президент болсо анын ырын ырдаган саясий сойкулардын армиясы пайда болду”

Бөлүшүү:

-Азимбек Анаркулович, эртең кайрадан Курултай өткөрөлү деп жатасыңар. Бул жолкусунда кайсыл теманы алып чыгып, кимдерге карап “пушканы” буралы деп атасыңар?

– 27-апрелде өтүүчү улутчул, мекенчил уюмдардын 2-Курултайында 1-Курултайдын чечимдери кандай аткарылды жана келечекте боло турган Конституциялык реформа жөнүндө кеңири сөз болот. Биз эч кимге “пушканы” бурбайбыз.

– Конституциялык реформа дейсиз, нечендеген реформа жүрбөдүбү. Кайра-кайра эле Конституцияны оңдой беребизби? Акыркы жолу 2016-жылы эле болбодубу? Эмне өзгөрдү?

– Туура айтасың, эч нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, күндөн-күнгө кризистер тереңдеп баратат. Себеби, 1993-жылы 5-майда ошол кездеги Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамыбыз биринчи качкын президентибиз А. Акаевдин жеке демилгеси, кызыкчылыгы үчүн 4 жолу референдумда (1994-жыл, 1996-жыл, 1998-жыл, 2003-жыл) бир жолу Жогорку Кеңеш аркылуу (2000-жыл) өзгөртүлсө, экинчи качкын президентибиз К. Бакиевдин үй-бүлөлүк камандасынын жана ага каршы турган “Реформа үчүн” кыймылынын тирешүүсүнөн улам, шашылыш түрдө, Жогорку Кеңеште Конституциянын долбоору “оптом” 2006-жылы (ноябрь-декабрь айларында) эки жолу, 2007-жылы референдум аркылуу 3-жолу өзгөртүлгөн. 2009-жылы Бакиевдин “Ак жол” парламенти Максим Бакиев үчүн 4-жолу Конституцияны өзгөртүп, Кыргызстанды монархиялык республикага айлантабыз деп жатканда апрель революциясы болуп, максаттарына жеткен жок. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен референдум жолу аркылуу дагы бир жолу өзгөртүлүп, 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөрткөнгө мораторий жарыяланган. Бирок, экс-президент Атамбаевдин демилгеси менен азыркы Жогорку Кеңеш ал мораторийди бузуп, 2016-жылы референдум жолу менен Конституцияны дагы бир жолу өзгөрттү. Жогорку фактылар айтып тургандай 1993-жылкы Конституциябыз негизинен президенттердин же кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн референдум жолу менен “оптом” өзгөртүлүп келет. 1993-жылдан ушул күнгө чейинки бардык Конституциялардын 1-беренелериндеги бийликтин ээси болгон Кыргызстандын элинен жөнөкөй, түшүнүктүү эле “Конституциялык өзгөртүү керекпи? Бийликтин кандай түрүй колдойсуң: Президенттикпи же парламенттикпи? Эл өкүлү болгон Жогорку Кеңештин депутаттары кандай шайлансын: Региондун эли тарабынан түз тикеби же партиялык тизме менен “оптомбу”? Сотторду ким шайласын?” деген өзөктүү суроолор бир да жолу суралган жок. Кесепетинде өлкөдө президенттердин үй-бүлөлүк жеке бийлиги орноп, аларга ыңгайлуу шайлоо системасы, депутаттар, бийлик бутактары аныкталып, ким президент болсо анын ырын ырдаган саясий сойкулардын армиясы пайда болду. Коомубуз, мамлекеттин саясий системасы коррупцияланды, бийлик бутактары элге отчёт бербей калды. Президентке, анын жакындарына гана жооптуу, алардын ишин аткарат. Кен-байлыктар мыйзам менен эмес, президенттер айткандай жабык эшик артында чет элдиктерге берилип, мыйзамдар менен эмес, коррупциялык келишимдер менен иштейт, кадр маселеси өз жакындары менен чечилет. Конституция иштебей президенттердин, анын жакындарынын айткандары Конституциялык күчкө ээ. Улутубуз жаңыланбай, жашарбай, карайлап калды. Өзү менен өзү. Акыркы мезгилде Россиянын бир губерниясына айлангансып баратабыз. Азыркы Конституциябыз Баш мыйзам катары өз функциясын аткара албай калды.

– Кандай функцияларын?

– Баш мыйзамдын бир нече негизги функциялары болот. Аны эч ким бузууга укугу жок. Түз аткарылышы керек. Мисалы, кайсы гана өлкөнүн Конституциясы болбосун ал Баш мыйзамдык күчкө ээ. Ал бардык мыйзам актыларынын булагы, башка мыйзамдар ага ылайык кабыл алынат, каршы келсе иштебейт, Конституция түз колдонулат. Конституциялык сот менен корголот. Аны өзгөртүүнүн жолу да анын өзүндө өзгөчө бекитилет. Конституциянын өзгөчө функцияларына анын түзүүчүлүк, уюштуруучулук, саясий эң жогорку документтик функциялары кирет. Мамлекеттин өзү, анын түзүлүшү, саясий системасы, бийлик бутактары, алардын ыйгарым укуктары, шайлоо сиаемасы, адам укуктары менен эркиндиктери, саясий партиялар, менчиктин түрлөрү, мамлекеттин символикалары, эгемендүүлүгү, өлкөнүн келечеги, максаты жөнүндөгү идеологияны камтыган функциялары, Конституцияны бийлик, коом, жарандар көздүн карегиндей так сакталуусун талап кылып, милдеттендирип турат. Тилекке каршы, жогоруда айтылгандай, качкын президенттер өздөрүнүн “лже-рефематорчу” референдумчулары, ар дайым аларды колдоп турган Конституциялык соттору аркылуу Конституциянын бул өзгөчө, ыйык кол тийбестигин бузуп келишти. Алар референдумга, элге жамынып, чындыгында мамлекеттик бийликти узурпациялап алышкан.

– Сиздер деле референдумду талап кылып жатпайсыңарбы?

– Биз референдумга Конституцияны эмес, өзөктүү сроолорду: бийликтин түрүн, шайлоо системасын, бийликтин эл алдындагы отчёттуулугун, жооптуулугун бийликтен көз карандысыз түзүлүүчү элдик Курултай аркылуу ишке ашырылышын колдойсуңбу? – деп коюп жатабыз. Оболу элдин пикирин билип, ошого жараша Конституцияны оңдойлу деген сунуш. Элдин пикирин эске алып, Конституциялык Кеңешме, Жогорку Кеңеш аркылуу гана кабыл алышын, мейли ал эки жылды, үч жылды талап кылсын, шашпай коомчулуктун кеңири пикири, жактыруусу менен алынышын жактайбыз. Референдумга “оптом” Конституцияны койгонго каршыбыз. Бирок, элдин, коомчулуктун пикирин топтоо, жыйноо, анализдөө үчүн тез арада Конституциялык Кеңешмени түзүүнү талап кылып жатабыз. Эмне үчүн? Анткени, мурдагыдай болуп, бийликке келген жеке президент же кайсы бир саясий топ өзү билгендей даярдаган Конституцияны дагы бир жолу алдырып коюшу мүмкүн. Бул коркунуч бар. Баш мыйзам жылпы элдики, эл үчүн кызмат кылышы керек. Бийликке келгендер үчүн эмес. Бийлиги да, оппозициясы да, улутчулу да, батышчылы, орусчулу да кирген Конституциялык Кеңешме түзүлүшү мезгилдин талабы. Ал эми Конституциянын өзүн Жогорку Кеңеш аркылуу бир нече окуудан, элдик талкуудан кийин шашпаган маанайда кабыл алуу керек. Аны мүмкүн кийинки Жогорку Кеңеш кабыл алат. Бирок, ишти баштоо керек. Болбосо азыркы Президент, Жогорку Кеңеш реформага каршыдай көрүнүп, аны кайсы бир саясий оппоненттери пайдаланып кетет. Мурдагы катабызды кайталап калабыз.

– Эмне үчүн сөзсүз Конституция өзгөртүлүшү керек? Өзгөртпөсө болбойбу?

– Биринчиден, жогоруда айтылгандай азыркы Конституция кайра-кайра жамаачылана берип, ичиндеги карама-каршылыктан улам өз функциясын толук аткара албайт. Экинчиден, азыркы Конституция мамлекеттин атын алып жүргөн кыргыз улутунун кайра жаңыланышына, өнүгүшүнө укуктук база болуп бере албайт. Анткени, Батыштын айрым либералдык -уюмдарынын лоббиси менен биздин улуттун кайра жаңылануусуна, тилинин, маданиятынын, каада-салтынын, тарыхынын өнүгүшүнө жолтоо болуучу башка элдердин эрежелери, баалуулуктары Конституцияда үстөмдүк кылат. Мисалы, расмий тил, Жогорку Кеңештин ар бир 3-4 депутаты милдеттүү түдө башка улуттун өкүлү же аял болуш керек, Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайланышы, бийликтин эл алдындагы отчёттуулугунун жоктугу жана башка. Бизге окшогон мамлекетке бир гана мамлекеттик тил болушу керек, тажиктерче жокпузбу? Жогорку Кеңеш эл өкүлүчүлүгүнүн эң жогорку органы, бийликтин партияларынын өкүлчүлүгү эмес, шайлоого, шайланууга ар бир адам укуктуу, эмне үчүн биз Жогорку Кеңешке депутат болом десең саясий партияга мүчө бол, ар бир 3-4-кыргыз болбош керек, эркек болбош керек деп жазышыбыз керек. Кайсы бир партиянын мүчөсүбү, жокпу, аялбы, эркекпи, жашпы, карыбы, кыргызбы, оруспу, өзбекпи эл өзү депутатын тандап алуусу керек да… Эмне үчүн эл өзү шайлаган президент, депутат, айыл өкмөт башчысын ар жылдык отчётун укса, ага баа берсе болбойт? Бул демократиянын талабы! Кыргызстан биринчи кезекте кыргыздардын өлкөсү, кыргыз улуту жаңыланышы, жер-суусуна, кен-байлыктарына ээ болушу, тилинин, каада-салтынын, тарых-маданиятын өнүктүрүү, эгемендүүлүгүн, көзкарындысыздыгын бекемдөө үчүн улуттун баалуулуктарын кеңири камтыган Конституция керек! Үчүнчүдөн, Батыштын эрежелери, бөтөн элдердин көрсөтмөсү менен реформаланып жүрүп, өлкөнүн саясий системасын коррупция ээлеп, авторитаризм бекем орноду. Коррупциядан арылуу үчүн Конституция өзгөртүлүүгө жатат! Төртүнчүдөн, бийлик бутактары – президенттин, анын жакындарынын көзүн карабай, өз ыйгарым укуктарын эл кызыкчылыгында аткарып, эл алдында жооптуу болуш үчүн! Бешинчиден, тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн кайра-кайра оңдоло берип, тамтыгы кеткен Конституциябызды ички карама-каршылыктан тазалоо үчүн керек! Алтынчыдан, Конституциялык реформасыз өтө опурталдуу саясий-экономикалык абалыбызды бекемдөө, өнүгүүдөн өз жолубузду таба албайбыз, коррупциядан арыла албайбыз деген коомчулуктун кеңири пикирлерин сыйлоо, аткаруу үчүн керек! Жетинчиден, элдин бийлигин, байлыгын чет элдиктерге башкартпай, уурдатпоо, кыргызды тентип кетүүдөн сактап калуу, “орус тилсиз, орустарсыз жашай албайбыз” деген пессимист-киргиздерден тазалануу, кеминде 5-6 миң жыл өз тилибиз менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактап, жашап келген эл экенибизди, «Манасты» батырган кыргыз тили Баш мыйзамыбыздын, мамлекеттик саясаттын тили боло аларын далилдөө үчүн керек! Эсептей берсе бул санак бүтпөйт…

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: