Menu

Кыргызстанда аялдар менен кыздардын абалын жакшыртуу жаатында улуттук конференция болуп өттү

Бөлүшүү:

БУУнун Аялдардын абалы  боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын жана Кыргыз Республикасында Пекин декларациясы менен Пекин иш-аракеттер платформасын (Пекин+25) аялдар менен кыздардын абалын жакшыртуу жаатында ишке ашыруу боюнча улуттук баяндаманын жыйынтыктарын талкуулоо боюнча улуттук конференция болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымадайт.

Пекин декларациясы кабыл алынган 1995-жылдан берки чейрек кылым ичинде дүйнөнүн бир дагы мамлекети гендердик теңчиликке жете алган жок. Кыргызстанда да ушундай эле абал. Бул улуттук кеңешүүлөрдүн бардык катышуучуларынын Пекин+20 баалоосунан берки беш жыл ичинде  мыйзамдарды кабыл алуу жана аялдардын укуктарын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча саясаттар менен программаларды иштеп чыгуу жаатында айрым жетишкендиктер болгону менен дале көптөгөн чакырыктар бар деп чыгарган жалпы корутундусу менен бекемделип турат.

Өлкөнүн саясатына жана өзөктүү документтеринин иш-аракеттер пландарына гендердик ыкманы киргизүү Пекин иш-аракеттер платформасында факт жүзүндөгү теңчиликти натыйжалуу илгерилетүү үчүн негиз салуучу шарт катары аныкталган.

Факт жүзүндөгү гендердик теңчиликке тоскоолдук жараткан негизги жагдайлар болуп, биринчи кезекте, мыйзам ченемдери менен саясаттарды натыйжасыз аткаруу, аялдар жана кыздарга сот адилеттиги жеткиликтүү болушунун деңгээли төмөндүгү, гендердик зомбулуктун жазасыз калышын кабыл алуу, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиз деңгээлде жеткиликтүү болушу, ошондой эле аялдар менен кыздардын укуктарын толук кандуу ишке ашырууну, алардын укуктарын коргоону жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү чектеген социалдык-маданий ченемдер эсептелет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен коом биригип, гендердик теңсиздикти жеңип, анын себептерин жоюп, улуттук кеңешүүлөрдүн алкагында аялдар менен кыздар үчүн бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө жетүү боюнча аныкталган приоритеттуу багыттарды ишке ашыра алышат», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Вице-премьер- министри Алтынай Омурбекова.

Көп сектордук улуттук кеңешүүлөр Кыргыз Республикасы үчүн алдыдагы 5 жылга карата төмөнкүдөй приоритеттуу багыттарды аныктады:

•             Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу

•             Аялдар менен кыздар үчүн өмүр бою сапаттуу билим, кесиптик даярдык жана окутуу болушу

•             Мыйзамга ылайык, теңчилик жана басмырлоонун болбошу жана сот адилеттигине жетүү

•             Аялдардын экономикалык активдүүлүгүн илгерилетүү

•             Аялдардын саясий активдүүлүгүн илгерилетүү

•             Кыздардын укугун коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүү

•             Бюджетти гендер маселелерине багытталган нукта түзүү

•             Терс социалдык көнүмүштөрдү жана гендердик стереотиптерди өзгөртүү

Конференциянын катышуучулары ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин гендердик теңчилик жана БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын макулдашылган тыянактарын улутташтыруу маселелери боюнча мамлекеттер аралык диалогдогу ролун; гендердик теңчилик глобалдык ченемдик күн тартибин; Пекинде берилген убаданы жана Туруктуу өнүгүү максаттарын улутташтырууну; Пекин платформасынын 25 жылдыгынын алдында  Кыргызстандагы аялдар кыймылынын глобалдык диалогдогу ролун талкуулашты.

«25 жыл мурда Пекинде Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы биринчи жолу БУУнун Аялдардын абалы боюнча бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышкан. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген 5000ден ашуун катышуучулар гендердик теңсиздикти  жана аялдар менен кыздарга зомбулук көрсөтүү көйгөйлөрүн чечмейинче гүлдөп-өнүгүүгө жана бейпилдикке жетүү мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишти. БУУнун өлкөлүк командасы улуттук өнөктөштөргө гендердик теңчиликке жетүү боюнча эл аралык жана улуттук милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн толук кандуу колдоо көрсөтүүнү улантат», – деп белгиледи Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Артыкова Назира.

Улуттук сереп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги алдында БУУ агенттиктеринин (БУУнун Аялдар түзүмү, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА) колдоосу менен өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: