Menu

Иса Өмүркулов, КСДПчы: “Азыр мени “саткын” деп жатышат, керек болсо Атамбаев бизди сатып, Бакиев менен тымызын соодалашып, премьер-министр болуп кетип калган”

Бөлүшүү:

“2007-жылы Кыргызстанда биринчи жолу толук түрдө партиялык система менен шайлоо киргизилип, мени КСДП тизмеге 11-кылып чакырышып, шайлоого бардык. Ага чейин мен КСДПсыз эле 3 жолу бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып жүргөм. Оппозициялык ишмердиктин көп азаптарын көрдүм. Артыман аңдуулар, тыңшоолор, куугунтуктоолор болду. Мунун баарын өз башымдан өткөрдүм. Ага карабай мен эч кимди саткан жокмун, азыр мени “саткын!” деп айыптап жатышпайбы, мен Атамбаевди да, КСДПны да, кесиптештеримди да саткан жокмун. Мен эч качан саткын болгон эмесмин. Ал кезде айрым саясатчылар бийлик менен соодалашууга Ак үйдүн арткы эшигинен кирип жүргөндө мен андай кадамга барган эмесмин”, – деп билдирди Иса Өмүркулов 26-апрелде “Азаттыктын”  суроосуна жооп берип жатып

Бийлик менен ким, эмне тууралу соодалашты эле?

-Атамбаев анда Бакиев менен тил табышып, премьер-министр болуп алган. Биз баарыбыз “Бакиев кетсин” деп Ак үйдүн алдында турсак, Атамбаев тымызын артынан кирип, премьер-министр болуп чыккан.

-Ал өзү барды беле?

Анан эмне, ага бирөө сунуш кылмак беле? Менин билишимче анын өзүнүн эле демилгеси болгон.

-Анда Атамбаев силерди сатып кеткен турбайбы? Cилер баарыңар аянтта митингде турсаңар, ал тиякта жүрсө…

– Ооба, ошондой эле болгон, биз баарыбыз түшүнбөй калганбыз.

Ошол аянтта турган лидерлердин баары түшүнбөй калганбы?

-Ооба.

-Анда Атамбаев силер менен кеңешкен эмеспи, кийин жолугуп, түшүндүрдү беле?

-Албетте, жок.

-Анан кантип аны кийин кечирдиңер?  Премьер-министр болгондон кийин…

– Албетте кечирдик, оңолот деп ойлогонбуз. Өзү айткандай эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп ишенгенбиз, бирок жыйынтыгында эмне болгонун билебиз да… Анын айынан кийин 2010-жылы парламенттик шайлоодо революциячыл партиялар бириге албай, ар кимибиз ар башка партия менен бардык. Эгер биз баарыбыз биригип, бир партия менен барганда көп добуш алмакпыз. Ар башка партиялар  болгондуктан көбү өтпөй калды, биз КСДП өттүк, “Ата-Мекен” аз эле добуш менен өттү, Сариевдин партиясы өтпөй калды.

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: