Menu

Фото – Ош шаарында Кыргызcтандагы үчүнчү диализ борбору ачылды

Бөлүшүү:

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду.

Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдүү Республикасы) компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган.

Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн.

Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.

Биринчи диализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган, ал ачылышы пландаштырылган төрт диализ борборунун эң ириси. Быйылкы жылы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: