Menu

Иса Өмүркулов, КСДПчы: “25 жыл тарыхы бар КСДПнын бүгүнкү абалы адам ыйлагыдай, буга Атамбаев күнөөлүү”

Бөлүшүү:

“Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек, жөнөкөй адамбы же экс-президентпи баары мыйзам алдында бирдей болуп, мыйзамды сактап жашаш керек. Эгер мыйзамды бузбасаң эмнеден коркосуң? Эгер мыйзамды бузса экс-президент да жооп бериши керек”, – деп жооп берди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыктын” “экс-президенттин кол тийбестиги тууралу мыйзамына сиздин позицияңыз кандай?” деген суроосуна.

-Сиз Атамбаевдин досу болгонсуз, Жээнбеков менен да жакшы мамиледесиз, экөөсүн тең жакшы билесиз, сиздин оюңузча экөөсүнүн мамилеси кайсы учурда бузулду?

-Сооронбай Жээнбековдун өз алдынча, көз карандысыз саясат жүргүзө баштаганы эле Атамбаевге жакпай калды, и болду, ошол күндөн тартып, Жээнбеков “эл душманы” болуп калды. Ким Жээнбековду колдосо алар да “эл душманы” болуп чыкты. “Эл душманы” – Атамбаевдин душманы. Болду, ушул, башка сыры деле жок.

-Сизди ошол, Жээнбековду колдогонуңуз үчүн КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарып салдыбы?

-Албетте, ал эми кимге Атамбаев жакса алар анын жанында калышты да эми ач кыйкырыкты салып жатышат. Бирок Жээнбеков да КСДПчы да, биз шайлоодо аны өзүбүз чын жүрөктөн колдободук беле, өтө катуу аракет менен шайлап алып, эми эмне үчүн биз ага каршы чыгышыбыз керек? Мен ушуну түшүнбөйм да, эмне максатта биз ага каршы турушубуз керек? Албетте, бул Атамбаевге жакпайт, бирок Жээнбековду биз өзүбүз шайлабадыкпы, бүгүн ага кантип каршы барабыз, бул деген уятсыздык болот да. Бүгүн Жээнбековго каршы чыга турган себеп жок.

Эгер сиз Атамбаевдин ордунда болсоңуз азыр КСДПнын айланасында болуп жаткандарга кандай баа берет элеңиз?

– Бул мыйзамченемдүү көрүнүш, буга негизинен Атамбаев күнөөлүү – бул эң башкысы. Ал “ким мени менен болбосо демек ал мага каршы” деген принципти карманды. Албетте партиянын катардагы, кызматы жок мүчөлөрү да жөн эле партияны таштап кетип калмак беле… Ошондуктан партия экиге бөлүндү.

-КСДПнын Cагынбек Абдракманов баштаган долбоорунда сиздин ролуңуз кандай?

-Менин эч кандай тиешем жок. Болгону Саясый кеңештин мүчөсү катары 3-апрелде КСДПнын съезди өтүшүнө добушумду бердим. Албетте КСДПнын азыркы абалына жүрөк ооруйт, 25 жылдык тарыхында ушундай жолду басып өтүп, анан акыр аягында бүгүнкүдөй абалга туш келгени албетте адамды ыйлагыдай кылат, партиянын абалы өтө адам ыйлагыдай.  Бул биздин саясый партиялардын али партия катары бекем пайдубалы жок экенин далилдейт. Бүгүн партиялар партиянын лидерине көз каранды. Партиянын жетекчилик курамын түзүүдө, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир эле киши чечип коёт.

-Социал-демократия идеологиясынын негизги принциптери бул: адилеттүүлүк, теңдик, эркиндик анын ичинде саясый жана идеолгиялык плюрализм. Атамбаев Социал-демократиялык партиянын жетекчиси катары ушул принциптерди карманган коом түзө алдыбы, сиз кандай ойлойсуз?

-Анын колунан келген жок.

-Эмне тоскоол болду?

Аны Атамбаевдин өзүнөн сураш керек… Алгач жакшы эле болуп келаткандай болгон эле, анан эле ага таасир бере тургандардын саны тарып олтуруп, акырында анын жанында эки-үч эле киши калды. Анан мамлекеттин тагдырын мына ошол эки-үч киши чечип калышты. Президентке маалымат да бир тараптуу жеткирилип калды. Алтургай жеке ушактар да бир тараптуу жетип жатты. Анан каяктагы плюрализм жөнүндө сөз кылууга болот?

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: