Menu

Айына 28,5 млн. сом чогулткан мектептин директору…

Бөлүшүү:

Новопавловка айылынын Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинин директору Диляра Абдуллаева кызматтан убактылуу четтетилди. Буга “4500 бала окуган лицейдин жетекчилиги ар бир окуучудан  500-700 сомдон чогултуп, бирок акчанын кайда жумшалганын айтпайт” – деп ата-энелердин нааразы болушканы себеп болду. Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинде 4500 бала үч смен менен билим алат. Ата-энелердин фондусуна, кошумча сабактар жана ысык тамак үчүн ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулат. Анын ичинен 1300 окуучу социалдык жеңилдик катары төлөмдөн бошотулган. Ата-энелер бул каражаттын сарпталышы боюнча так маалыматты лицей жетекчилигинен ала албай келишет. Буга нааразы болгон ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылып, лицейдин алдына митингге да чыгып, отчетту кенен-чонон көрсөтүүнү талап кылууда. Аталган лицейге Новопавловка айыл өкмөтү 2018-жылы 4,3 миллион сом бөлгөн. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жылына канча акча бөлүнөөрү белгисиз.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: