Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Элди сооротуу максатын көздөп, убактылуу уран казуу токтоду”

Бөлүшүү:

Көз карандысыз саясатчы Равшан Жээнбеков менен уран казууга бийлик неге аргасыз экени боюнча баарлаштык.

– Равшан мырза, өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону элдин пикирин эске алганыбы же элдин көзүн жазгыруубу?

– Бийлик бул маселеде элди сооротуу максатын көздөп, убактылуу болсо да уран казуу токтоду деп, каршы чыккандарды тынчтандырууга аракет жасады. Бирок ошол эле учурда адилеттик издеп тынчтык митингге чыккандар менен уран казууга каршы чыккандар биригип, чоң күчкө айланып кетет деген кооптонуу да күч. Анткени коомчулук да, граждандык коом да, саясатчылар да уран казууга каршы болуп калды. Ошондуктан бул маселени элдин каршылык деңгээли төмөндөгөндө чечели деп, экспертизанын жыйынтыгы чыкканча деген шылтоо менен убактылуу токтотууга аргасыз болушту. Анткени мамлекетибизде саясий абал оор. Экономикада кубанаарлык жагдай жок. Бийлик мамлекетти башкаруу жөндөмүн жоготуп бара жатканы баарыбызга айдан ачык көрүнө баштады. Ушул жагын эске алганда, бийлик бардык маселелерди созгонго, кийинкиге калтырганга аракет кыла баштагандай. Анткени курч маселелерди басым менен чече турган болсо же каалаганын кылабыз дей турган болсо коом каршылык көрсөтүүгө даяр.

Бирок бийлик элдин сүрүнөн кооптонуп, уран казууну биротоло токтотооруна көзүм жетпейт. Себеби бул маселе Путин келгенде кол коюлуп, макулдашылган принципиалдуу маселелердин бири. Биздин бийликтин Кремлдин, Путиндин алдында аябагандай чоң миддеттемеси бар. Ошондуктан уран казуу жөн эле токтоп калбайт. Кандай болгон күндө да бийликтегилер муну ишке ашырганга, уранды өндүргөнгө аракет кылышат.

– Эгер бийлик уран казууга кызыкдар болсо, анда элди үмүткор кылган экспертизадан жарытылуу деле чечим чыкпайт экен да…

– Элди комиссия түзүлөт, экспертизанын жыйынтыгына жараша уран казар-казбасыбыз чечилет дегенден эл күткөн жыйынтык чыгаарына ишенбейм. Себеби экспертизаны жасап жаткан адамдардын баары бийликке көз каранды. Алар кандай болгон күндө да бийликке керектүү экспертизаны чыгарып беришет. Ошондой эле комиссияга, экспертизага мүчө болгондор биздин бийликтен эле эмес, Кремлден да коркот. Алар кошумча басымга туш болушкандыктан экспертизанын жыйынтыгы сөзсүз бийлик айткандай чыгат. Бийлик өз кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн баары жакшы, уран казгандын зыяны жок. Андан мамлекет укмуш киреше табат, уран казуу Ысык-Көлдөгү жергиликтүү элге аябагандай керек деген жыйынтык чыгартып алат да, ишти баштоого киришет.

– Эгер алардын жыйынтыгына ынанбасак, Абылгазиев айткан МАГАТЭге кайрылып адилеттүү чечим чыгартсак болобу?

– Албетте, болот. Эгер биз урандын пайда, зыянын иликтеген чыныгы экспертиза кылдырууну кааласак сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эл аралык эксперттерге кайрылышыбыз керек. Бириккен улуттар уюмунун алдында Абылгазиев айтып жаткан МАГАТЭ деген уюм бар . МАГАТЭ урандын өндүрүлүшүн, урандын пайдасын, экологияга, коомго тийгизген таасирин объективдүү иликтеп, эл аралык стандарттар менен эсептеген БУУнун алдындагы дүйнөлүк уюм. Эгерде бийлик да, коомчулук да МАГАТЭ иликтешин талап кылып, МАГАТЭ кандай чечим чыгарса, ошону кабыл алабыз десек, иликтеп беришин өтүнүп кайрылсак болот.

– Негизи бүгүнкү күндө Кыргызстанда уран казуунун зарылчылыгы барбы?

– Менимче уран казуунун зарылчылыгы жок. Киреше күргүштөп түшө турган “Кумтөрдү” да, минералдык байлыктарды деле туура пайдалана алган жокпуз. Мамлекет жарытылуу деле пайда тапкан жок. Анткени биздин бийлик коррупциялашкан. Ошон үчүн бир ууч адам эле пайдасын көрбөсө, карапайым эл алтын кендин деле, урандын деле пайдасын көрбөй, азабын эле тартып калышат. Ушул жагын эске алсак, уран казганда деле жарытылуу пайда көрбөйбүз. Ошон үчүн уран казууну бир канча жылга токтотуп, мамлекет өзгөрүп, бийлик коррупциялашпай калганда, жаңы технологиялар пайда болгондо өндүрөлү деп койсок деле туура болот.

– Баса, союздун курамында турган мезгилде Турдакун Усубалиев уран казууга каршы болгон экен. Неге Кыргызстан көз карандысыз, эгемендүү мамлекет болгондо уран казууга каршылык көрсөтө албай жатат?

– Менимче бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, биз инвестиция алып келе жатабыз. Уран казуу менен Кыргызстанга инвестиция келет, алар менен түзгөн келишим жергиликтүү бийликке, жергиликтүү элге пайдалуу деп элди ынандырууга, уран каздырбасак Кыргызстанга инвестор келбейт деп элди көндүрүүгө аракет кылышат. Анткени акыркы убакта Кыргызстандан инвесторлордун баары кача башташты. Азыркы өкмөт, президент мамлекетте маанилүү өзгөртүүлөрдү жасай албайт, булардын колдорунан мамлекетти өнүктүрүү келбей калды деген пикир элдин калың катмарына сиңе баштады. Ушундай дооматтан кутулуу үчүн ушул жагдайлардын фонунда уранды каздырууга аракет кылышат. Экинчиси, биздин бийлик Кремлден, Путинден аябагандай коркот. Алар кандайдыр бир долбоор сунуштай турган болсо биздин бийлик жандалбастап, пайдасы болсо да, болбосо да ишке ашырууга аракет кылышат. Бул адат азыркы эле эмес, мурунку да президенттерге тийиштүү. Орустарга биздин президентти, премьерди бийликтен алып коюу же буларга баш оору жаратып коюу аларга аябагандай жеңил иш. Ошондуктан колунан келишинче Кремлге кызмат кылууга аракет кылышат.

– Президент неге өкмөт башчыны депутаттарды колдоого аргасыз кылып, аванс алып берди?

– Президент өзү деле өкмөттүн алсыз экенин түшүнөт. Өкмөттүн колунан көп иш келбесин, коомчулукта өкмөткө нааразычылык күч экенин да билет. Бирок өкмөт башчынын алсыз болуп, президенттин айтканынан чыкпаганы аябагандай маанилүү. Абылгазиев президентке бардык жаман аттыны өзүнө чогултуш үчүн азыр аба менен суудай керек. Ошон үчүн аны отставкага кетирбей сактап калуууга аракет кылды. Башкача айтканда, президент Абылгазиевге мезгили келгенде жаман аттыны, кирдин баарын илип туруп анан кызматтан кетирет. Мындай ыкманы бир эле Сооронбай Жээнбеков эмес, буга чейинки бардык эле президенттер колдонгон. Анткени биздин өлкөдө жаман нерсенин баарын өкмөткө илет. Ошол учур келгенде Абылгазиев да кызматтан кетет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: