Menu

Бактыбек Шамкеев, Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси: “Биздин максат – өкмөттүн жардамы менен үйү жокторду турак-жай менен камсыз кылуу”

Бөлүшүү:

Бактыбек мырза, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизделүү максатын сурасак, кандай ой менен түптөлгөн?

—Биз азыр базар экономикасында өнүгүп жатабыз, ошонун негизинде биздин мыйзамдар кабыл алынган. Эгер биз базар экономикасында иштесек, ипотекалык маселенин каржылоосун да базар экономикасында тетик менен иштетиш керек. Дүйнө жүзүндөгү практикада атайын түзүлгөн институттар бар. Бул ипотекалык компаниялар, аманаттык-кредиттик кассалар жана эконом класстагы үйлөрдү куруучу компаниялар бар. Андан сырткары, узак мөөнөттүү кредит берүүчү коммерциялык банкттар турат. Эгер биз ушул негиздерди киргизсек биздин ипотекалык компания өз ишин актайт. 2015-жылы ушул компанияны ачканда эң башкы максат ипотекалык насыялоону жолго коюу болгон. Экинчиси, мэрия жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип эконом класстагы үйлөрдү куруу болгон.

—Жөнөкөй тил менен айтканда негизги максат үйү жок жарандарды үй менен камсыз кылуу да…

—Ооба, так ошондой. Өкмөттүн жардамы менен үйү жокторду турак-жай менен камсыз кылуу.

—Сиз 2 жума мурун президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, отчет иретинде кыскача маалымат бердиңиз. Ошол жерде сиз өз сөзүңүздө «2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банктар аркылуу 4 млн. 600 миң сомдон ашык 4088 кишиге насыя берилди. Натыйжада, 16 миңге жакын жаран турак-жай менен камсыз болду, бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9 пайызга чейин кыскартылган, муну 6%га чейин кыскартуу боюнча иштер жүрүүдө» дедиңиз. 16 миңге жакын жаран дегениңиз 8 миңге жакын үй-бүлөбү?

—Жок, бул 4088 үй-булө. Төрттөн, 4төн – 5тен эсептегенде 16 миң болот.

—Ошол 4088дин канчасы мугалим, канчасы медик?

—Билим берүүдө иштегендер 30%, саламаттыкты сактоо жаатында иштегендер 14%, башка бюджеттик сферада, министрлик, агенттик, муниципалитетте, укук коргоо органдарында иштегендер 37%, маданият тармагындагылар 2%, социалдык сферада иштегендер 2%ды түзөт. Анын ичине табигый кырсыктан жабыркагандарды да кошконбуз.

—Сиз ушул компанияны дээрлик ачылгандан бери жетектеп келе жатасыз, бюрократия бар экенине ишенесизби?

—Эми чындап караганда ар бир мамлекеттик мекемеде бюрократия бар. Анткени ар бир мекемеде өзүнчө критерийлер, талаптар, документтер бар, ошонун негизинде иш алып барат. Анан тиги кагазды алып кел, мындай документ керек деген талаптар айтылса аны бюрократия болуп атат деп атап чыгышат. Мисалы, жөн эле көчөдө жүргөн киши кредит ала албайт, талаптарын аткарыш керек. Ошондой негизде биз дагы иш алып барып жатабыз.

—Мисалы мен мугалим болсом, келинчегим да мугалим дейли, экөөбүз биригип 22 миң сом айлык алсак, биз сизден ипотекалык үй ала алабызбы?

—Эгер региондо жашасаңар маселе жок. Бишкекте жашагандарга кымбат болот. Биз борбордо кредиттин анализин жасаганбыз. Орто чендеги үйдүн баасы 2 млн. 200 миң сом. Чарчы метри 45 миң 490 сом. Бул орто чени. Эң минималдуусун алсак, «гостиничный тип» 590 миң сом. Эгер ушундай батир алам десеңер силерге акча жетет. Ал эми 2 миллиондукка силердики жетпейт, анткени айына 45 миң сом алышыңар керек.

—Жогорку Кеңештеги коми-тет жыйынында Абтандил Кул-бараков бир жакшы маселени көтөрүп, ипотеканы 25-30 жылга чейин узак мөөнөттө төлөө жол-дорун тапкыла деген эле, муну ой-лонуп жатасыздарбы?

—Ал маселе акчага барып така-лат. Азыр узак мөөнөттөгү акчаны финансы министрлиги бөлөт, алар эң алысы 15 жылга чейин берет. Биз ошол мөөнөттө берип жатабыз. Эгер бизге министрлик 30 жылга берсе, биз да узак мөөнөткө беребиз.

—Сиздердин компаниянын бир жылдык-бюджети канча?

—Былтыр 2018-жылы жалпы чыгымы 58 миллион сом болду. Маяна фонду 35 миллион сом. Бизде азыр 52 кызматкер бар.

Памир Манас
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: