Menu

Атамды эстей деле албайм…

Бөлүшүү:

Атамды эстей деле албайм. Кандай адам болгону элес-булас эле элестейт. Себеби атам экөөбүз биринчи жана акыркы жолу 4 жашымда көрүшкөнүбүз. Айылда балдар менен чаңы сапырылган көчөдө чуркап ойноп жүрсөм чоочун бир киши келип көтөрүп, аябай жыпап, ыйлаган болчу. Ойлосом ошол атам экен. Атам менен апам бир айылдын кишилери. Мен төрөлгөндөн кийин эки тараптын ата-энелери келише албай ажырашып кетишиптир. Мен таенемдин колунда калыптырмын. Апам болсо бир топ жыл жалгыз жүрүп, акыры ошол эле айылдык башка бир адамга турмушка чыгып кетиптир. Апам мектепте мугалим болчу. Биз жашаган үйдөн кийинки көчөдө жашачу. Атам деле ошол айылда жашайт дешчү, бирок аны бой тартканча бир да жолу көргөн жокмун.

“Апам тирүү турса да анын мээримине зар элем…”

Кудай энеден баланы, баладан энени бөлбөсүн. Апамды жаңы турмушунан кадимкидей кызганып, куса болоор элем. Ал кезде намыс деген күчтүү, баласы менен бир да аял турмушка чыга албайт эле. Ошол себептен мен таенемдин колунда калдым. Энем мени асырап өстүрдү. Карегимден тең айланып турса да баары бир апамды сагынып, көөдөнүмө кусам батпай тураар эле. Апам эмнегедир менден уялып, кайын журту мени ээрчитсе аны таштап кетчүдөй алдастап тураар эле. Энем да: “Апаңды ая, анын турмушу ансыз деле азаптуу болду. Эми эптеп тынчып жашап калганда сен барсаң кантип батырат?” – дей берээр эле. Апамды аңдып мектепке барчумун. Темир тосмого асылып алып апамдын иштен чыгаарын күтүп тураар элем. Бирок апам чыгаары менен мени көрө коюп жаныма келип буркурап ыйлап, экинчи минтип келбесимди, үйдө отурушумду суранчу. Кээде караңгы киргенде мага кийим-кече алып келип берчү. Бала чагымды эстесем жашымды кармай албайм. Энем да, атам да бар туруп тирүүлөй жетим өстүм. Бара-бара жүрөгүм муздап, апам менен деле сүйлөшкүм келбей калды.

“Өз киндигимди өзүм кескем…”

Бойго жетип борборго келдим. Таенем пенсиясын чогултуп шаарга жиберди. Борбордо турган айылдаштарыбыздын биринин үйүнө келип жашап калдым. Алар жакшы адамдар эле. Мени окууга өткөрүп, ошол жактын жатаканасына кир-изип коюшту. Студенттик күндөрүм абдан жакшы өттү. Энемдин пенсиясы мага ошол кезде кенен эле жетчү. Бара-бара акырындан иштей калып бир аз тыйын таба баштадым. Орто билимге ээ болуп, окууну аяктаар жылы биздин бөлмөбүздө жашаган курбумдун тааныштары келип калышты. Көрсө алар анын айылдаштары экен. Бизди айылдык кыздар деп, шаар көргөн айрым жигиттер карачу деле эмес. Айылдаш балдары аларды иштетип, жумушка алып жүргөн байкеси тууралуу айтып калышты. Мен эмнегедир кызыга түштүм. Анткени кайсы бир жакта узак убакыт иштегим келээр эле. Мени ал байкеге жолуктуруп койгула деп сурандым. Байкенин жеке китеп чыгарган басмаканасы бар экен. Болгон шартымды түшүндүрүп, полуңузду жуусам да ишке алыңызчы деп сурандым.

“Кудай бирде айтпаса, бирде сөзсүз жакшылык берет экен…”

Ал менден 10 жашка улуу эле. Турмуш куруп, бирок балалуу боло албай ажырашып кетип, 2 жылдан ашык бойдок жүргөн экен. Мени карындашы катары аяп, үйүмдү эле жыйнап берип турчу. Макул, иштесең ише деп каралашып жүрдү. Бой жашаган адамдын үйү аябай чачык, эч нерсеси жыйналбай чаң басыптыр. Үйүн да, ишканасын да жыйнап берип жүрдүм. Бара-бара байке мени аядыбы же мен көнүп калдымбы, айтор мамилебиз жакын болуп кетти. Турмушка чыгасыңбы, бала төрөп бересиңби деп сураары менен макул болдум. Азыр 5 баланын ата-энесибиз. Ошол үйдөн баар таап жашап калдым. Кийин сураштырсам атам кайтыш болуп кетиптир. Апамдын 4 уулу бар. Бирок алар менен катташпай калдым. Апам менен учурашканым эле болбосо сүйлөшө албайм. Таенем тирүү, азыр менин үйүмдө. Бала чагымда тарткан азаптарымдын баары жакшылык менен кайтып келди деп түшүнөм. Бирок апамды аял катары түшүнүп, катышкым келет.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: