Menu

Азиз Батыров, ырчы: “Биздин өлкөдө маданиятка болгон мамиле солгунураак”

Бөлүшүү:

Салттуу музыка жумалыгы башталганы анын алып жүрүүчүлөрү, нукура кыргыз жыттанган ырлардын аткаруучулары менен маек курууну туура көрдүк. Каарманым Азиз Батыров да ар дайым колунан комузун түшүрбөгөн чыныгы мекенчил өнөр ээси.

– Окуучуларыңдын саны аябай көп болсо керек. Баарын кошуп концерт берүү планда барбы?

– Ооба албетте жылдан-жылга окуучуларымдын саңы көбөйүп жатат. Быйыл 200гө жетти. Кыргыз комузун, салттуу музыкасын сүйүүчүлөр көбөйгөнү абдан кубандырып жатат. Буюрса ушунча окуучунун катышуусунда жандуу концерт берүү планда бар. Азырынча даярданып жатабыз.

– Чет өлкөгө көп чыгасың. Өнөр адамдарына болгон мамиле кандай экен бизге салыштырмалуу?

– Ооба көп чыгам, ар дайым биздин өлкөгө салыштыра берем. Бизде өнөр адамдары 2-орунда турат. Бир эле мисал, жаңы жылдык көгүлтүр отко же башка съемкаларга тыйын төлөп тартыласың. А башка өлкөдө эч нерсе төлөбөйсүң. Сый менен гана мамиле кылышат экен. Өнөр адамдары таарынчаак, жүрөктөрү назик, жакшы да, жаман да нерсени тез кабыл алышат. Ошол үчүн аларга сый мамиледе болгон туура бодот. Ырчылар элден башкача, алар биринчи орунда туруш керек деп айтпайм. Бирок маданият аркылуу биздин өлкө бүт ааламга таанылат. Ошол үчүн өнөр адамдарына өзгөчө көңүл бурулуш керек деп ойлойм.

– Хит ырларды жаратып, тынымсыз реклама кылып, мегапопулярдуулукка жетүү тууралуу ойлоносуңбу?

– Мен ошол эле салттуу музыканы азыркы заманбап стилге айкалыштырып хит ырларды жаратуу албетте оюмда бар. Ар бир жаздырган ырларыбыз элге жетсе экен, өз угармандарын тапса экен деген максат менен жаздырабыз да. Мегапопулярдуу болушум керек деп эч ойлоп көрбөптүрмүн. Бирок албетте, ырларымды чет өлкөлөргө да таанытайын деген ойлорум бар. Азыр ошол заманбап ырлардын үстүнөн иштеп жатабыз. Жакын арада заманбап стилдеги ырларымды угуп каласыздар. Жарнамалар менен деле тыгыз байланышып калдым. Себеби баары өзү үчүн аракет кылат экен, менин менеджерим азыр ошол тарабы менен иштеп жатат.

– Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү катары заманбап ырларга берээр бааң?

– Мен мисалы өзүм дастанчы, салттуу музыка мугалими болсом дагы, азыркы заманбап ырларга көз карашым түз эле. Мисалы Мирбек, Сайкал, Малика жана башка эстрада ырчыларын баалайм. Алар мурунку эски унутулуп бараткан чыгармаларды замандын талабына жараша жаздырып, мыкты аткарып экинчи өмүр тартуулап жатышат. Азыр заман өсүп жатат. Кечке эле мурунку форматта ырдап отура берсек өспөй калабыз. Ошондуктан замандын талабына жараша да чыгармалар менен иштеш керек экенин түшүндүм.

Маектешкен: Нуркыз Рымкул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: