Menu

Парк Жонг Сан: “Дүйнөдөгү балдардын баарына бирдей камкордук көргүм келет”

Бөлүшүү:

Кайрымдуулук — бул берип жаткан да, алып жаткан да адам үчүн пайдалуу иш. Кайрымдуулукка муктаж болгон адам ага жеткенден кийин көңүлү көтөрүлүп, көөдөнү тазарат. Ал эми кайрымдуулук жасап жаткан адам дагы өзүнүн соопчулук үчүн жасаган ишинен кубат алат. Кайрымдуулук кылууда бирөөдөн бирөөгө аманат кылып берип жибергенге караганда муктаж адам менен жеке өзү жолукканы абдан маанилүү. Себеби, арналган нерсе муктаж адамдын колуна өзүнүн колу менен жетүүдө эки тараптын тең жан дүйнөлөрүндө жылуулук, мээримдүүлүк пайда болуп, эң сонун сезимдерге бирге бөлөнүшөт.

Дал ушундай кайрымдуулук кылууга ниеттенген инсандардын бири Парк Жонг Сан мырза. Улуту корей. “Мен Кыргызстанга 1993-жылдан бери келип жүрөм. Экинчи мекенимдей эле болуп калды. Калктын аярлуу катмарына кирген майып адамдарга жардам берүүнү өзүмдүн инсандык милдетим деп эсептеймин. Мындан улам майып адамдарга, интернаттарга жана онкологиялык ооруларга кабылган жаш балдарга колумдан келген жардамымды көрсөтүп келем. Буга чейин тиешелүү жерлерге муктаждыктарын жөн эле алып барып таштап койчумун. Бирок, кийинчерээк ал жардамдар өз даректерине жеттиби, же жеткен жокпу бир аз күмөн санап кыжаалат боло баштадым. Бактыга жараша Майрамбек мырза менен таанышып калдым. Эми буюруса расмий түрдө чакан кайрымдуулук фондун ачтык, биргеликте иш алып баралы деп пландап жатабыз”-, дейт Парк Жон Сан мырза.

Парк Жон Сан мырза алтымыш жашта. Анын айтымында, тутунган дининдеги эрежелердин бири – аял менен эркек баш кошуп үйлөнүшпөйт. “Баш кошкон соң, бардык көңүл бурууну жана акча каражаттарын бир эле үй-бүлөгө арнаш керек деген түшүнүк пайда борот. Мындай учурда адамда кандайдыр бир битирленүү сезими жашашы мүмкүн. Андыктан мен үчүн дүйнө жүзүндөгү балдардын бардыгы бирдей, алар жакшы жашоого татыктуу деп эсептеп жардам берүүнү көздөдүм. Айрыкча оорулуу жаш балдардын маанайынын ачык болушу мен үчүн өтө маанилүү. Алар өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде коомдон тышкары сезбеши керек. Мен аларга мээримдүүлүк, сүйүү тартуулап, кайрымдуу болгум келет”, – деди ал.

Майрамбек Раимжанов: «Максатыбыз – муктаждарга жардам берүү»

Парк Жон Сан мырзанын демилгеси ишке ашып, учурда Кыргызстанда анын атынан “Боб Унг” Кайрымдуулук фонду ачылып, ага өкүл катары Раимжанов Майрамбек бекитилген.

“Парк Жон Сан менен таанышып, баарлашкан учурда, ал өзүнүн жасап жаткан иштери тууралуу айтып калды. Берген жардамдарын чыныгы муктаждарга жетип, же жетпей жатабы деп тынчсызданганын билдирди. Андан соң чогуу кеңешип расмий түрдө кайрымдуулук фондун ачып, анын алкагында жардамды түз берүүгө мүмкүнчүлүк болоорун сүйлөштүк. Мунун жыйынтыгы менен анын атынан “Боб Унг” Кайрымдуулук фондун ачып, расмий түрдө алгачкы жардамды Ысык-Көл менен Ош облусундагы муктаж адамдарга көрсөттүк. Майыптарга атайын арналып жасалган арабаларды таркаттык. Буюруса келечекке дагы көптөгөн жакшы пландар бар. Максатыбыз, муктаждарга жардамды үзгүлтүккө учуратпай ар дайым жасап туруу”-дейт Майрамбек мырза.

“Кайрымдуулук – бул улутка же дагы бир башка өзгөчөлүккө карап эмес, чыныгы муктаж адамдарга кам көрүүгө жасалган жакшы иш аракет деп эсептейм. Эгер мүмкүнчүлүгүң болуп турса, муктаж адамдар менен бөлүшсөң Кудай сага ырыскыны эки эселеп берет. Адамдын инсан болуп калыптануусуна кайрымдуулук жасоо, же ошол ишке себепкер болуу эң сонун таасирин тийгизет. Себеби мындай иштердин алкагында көптөгөн адамдар менен баарлашып, ар кандай тагдырларга күбө болуп жашоого, адамдарга болгон көз карашың сөзсүз түрдө жакшы жакка өзгөрүп, мыкты сапаттарды өздөштүрө баштайт экенсиң. Андыктан Кудайга жаккан жакшы иш жасоо, же ошол ишке себепкер болуу ар бирибиздин милдетибиз деп билем” – дейт сөзүн жыйынтыктап Майрамбек мырза.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: