Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде ШКУга мүчө мамлекеттер башчыларынын саммитинин алдында башталган ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында үч жолугушуу өткөрдү.

Белгилүү болгондой, ШКУ саммити 2019-жылдын июнь айында Бишкекте өтөт. Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана КР Куралдуу Күчтөрүнө көрсөтүлүп жаткан аскерий-техникалык жардам үчүн Россия Президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.

Эл аралык жана регионалдык коопсуздук, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери  талкууланды, мамлекеттерибиздин коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын жана Россиянын коргоо ведомстволорунун мындан аркы биргелешкен иши күчөтүлүшү керек деген жалпы пикир айтылды.

Андан соң Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Индиянын коргоо министри Нирмала Ситхарама, Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев, Тажикстан коргоо министри Шерали Мирзо, Өзбекстан коргоо министри Баходир Курбанов, Пакистан коргоо министринин орун басары Икрам Ул Хак, ШКУ Регионалдык антитеррористтик тутумунун аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов, ошондой эле ШКУ башкы катчысынын орун басары Се Сяоюнь катышты.

Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу ШКУнун Бишкектеги Саммитинин алдында өтүп жатканы маанилүү экенин белгиледи. «Ушул кыска мезгил ичинде ШКУ глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү өз алдынча структура экенин көрсөттү. Азыр геосаясаттык инфраструктура олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирүүдө. Бул бизден дагы тереңирек интеграцияны талап кылат. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашуулар мамлекеттер турмушунун бардык чөйрөлөрүндө, айрыкча коопсуздукту камсыз кылуу ишинде кызматташтык жигердүү өнүгүп жатышынын далили болуп саналат», — деп баса белгиледи Президент.

Ал терроризм коркунучунун, баңги заттарды мыйзамсыз айлантуунун жана уюшкан кылмыштуулуктун өсүшү региондо тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча милдеттерди чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын далилдеп турганын белгиледи. Бул жаатта ШКУ ар бир мамлекеттин тең жана бөлүнгүс коопсуздугун сактоо менен тыгыз жана жемиштүү кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүүдө. Кытай Эл Республикасынын коргоо министри Вэй Фэнхэ менен жолугушууда эки мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

«Биздин мамлекеттерибиз „жамандыктын үч күчүнө“ — терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бир позицияны ээлешет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал коргоо министри Вэй Фэнхэнин Кыргызстанга визити эки мамлекеттин коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын чыңдоого бараандуу салым кошоорун белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Уюмдун активдүү мүчөсү катары ШКУнун алкагында көтөрүлгөн демилгелерди ырааттуу илгерилетүү менен коопсуздук чөйрөсүндө мындан аркы ачык жана тең укуктуу диалогго, анын ичинде коргоо ведомстволорунун кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: