Menu

Видео – Ак үй алдында өзүн өрттөгүсү келген аял тууралу Нарын облустук соту билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте жалгыз бой аял Ак үйдүн алдында өзүн-өзү өрттөгөнгө аракет кылды. Ал Нарын облусунун жергиликтүү бийлигине нааразы болуп, борборго арызданып келген. Кочкор районунун тургуну Асипа Кадыркулованын колундагы бензин куюлган бөтөлкөнү милиция кызматкерлери күч менен алып коюшту. Кийинчирээк аны менен президенттик аппараттын кызматкерлери жолукту.

Бул окуя тууралу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты:

Кочкор райондук аймактык ооруканасынын директору Жумабеков Туратбек  Кочкор райондук сотуна, райондук оорукананын мурдагы жугуштуу оорулар (инфекция) бөлүмүнүн имаратында  жашап жаткан  Кадыркулова Асипаны баласы Арлен менен бирдикте жашап турган имараттан мажбурлап чыгарууну жана мамлекетке төлөнгөн алымды  Кадыркулова Асипадан  өндүруп берүүнү сураган  доо арыз менен кайрылган.

Доо арыз 2019-жылдын 28-мартында Кочкор райондук сотунда  каралган.

Соттук териштирүүлөрдун жыйынтыгынан улам маалым болгондой, райондук оорукананын   жугуштуу оорулар бөлүмүнун имараты  1968-жылы  жыгач панел материалдарынан курулган. Ал имарат 2005-жылга чейин  пайдаланылып келип,  эскилиги жеткендиктен улам,инфекция бөлүмү башка  имаратка көчүрүлгөн. Ошол учурда ооруканада  иштеп жүргөн А. Кадыркулованын  жашай турган жери болбогондуктан,  ушул имарат убактылуу жашап турганга берилген.

Андан берки 19 жыл ичинде  имараттын эскилиги жетип, авариялык абалдагы шарты  коркунуч туудургандыктан 2018-жылдын 18-майындагы  райондук ооруканынын жети адамдан турган комиссиясынын актысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кочкор-Жумгал райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук  боюнча мамлекеттик  инспекция башкармалыгынын  18-июнь 2018-жылдагы корутундусу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар   министрлигинин  Кочкор району боюнча   бөлүмү тарабынан  Кочкор райондук  аймактык ооруканасына имараттын авариялык абалда экендигин,андыктан тез арада  бузуу керектиги боюнча эскертме берилген.

Ал эми доо арызда  аталган имарат оорукананын короосунда болгондуктан менчикке  чыгарууга болбой тургандыгы айтылгандыгын,  жоопкер А. Кадыркуловага  бир нече жолу  кайрылуу жазагандыгына карабастан   19 жылдан бери коммуналдык  төлөмдөрду  төлөбөй жашып келгендигин жана убактылуу жашап жаткан  авариялык үйдөн чыгуудан баш тартып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Сот отурумунун жүрүшүндө жоопкер А. Кадыркулова доо арыз менен маакул болбой туруктуу жашай турган жери жок экендигин билдирип, уйдү менчикке чыгарууну көздөп жатканын билдирген. Ошону менен катар эле аталган үйдо жашап турганга райондук оорукана тарабынан эч кандай документ берилген эмес. Ал эми жоопкер А. Кадыркулова кайсыл документтердин негизинде жашап турганын сот отурумунда көрсөтө алган жок.

Райондук сот тараптардын көрсөтмөлөрун угуп,  Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 38-беренесинин 4-пункутуна (Авариялык эски үйлөрдөгү, барактардагы, жер төлөлөрдөгү  жана турак жай үчүн ыңгайлаштырбаган башка курулуштардагы, ошондой эле бузууга, капиталдык оңдоого  же болбосо  турак эмес жайга  өткөрүүгө жаткан үйлөрдөгү  бошогон  турак жайларды  берүүгө жол  берилбейт”)  ушул эле кодекстин 38-беренесинин 8-пунктунда  белгиленгендей (мамлекеттик  же муниципалдык  менчикте турган турак жайды  берүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан  формасы жана маанилүү   шарттарды  жарандык мыйзамдарда  белгиленген мүлктүк   жалдоо келишиминин негизинде  жүргүзүлөт) (жоопкер А.Кадыркулова  райондук оорукана менен  эч кандай келишим түзгөн эмес) таянуу менен райондук сот  2019-жылдын 28-мартындагы чечими менен  Кочкор райондук ооруканасынын директору  Т. Жумабековдун доо арызын канаатандырган.

Эскерте кетсек: жоопкер А. Кадыркулованын апеллациялык даттануусу   2019-жылдын  7-май күнү саат 11-00дө Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча  коллегиясынын курамында каралат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: