Menu

Алматыда Баш мыйзамдын беренесин баннерге илген жаран беш күнгө камалды

Бөлүшүү:

Казакстандын Алматы шаардык сотунун 29-апрелдеги чечими менен жергиликтүү тургун Роман Захаров беш күнгө камакка алынды.

Захаров дүйшөмбүдө Аль-Фараби көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөгө Конституциянын 3-беренесинин 1-пунктунда жазылгандай “Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы – эл” деген жазууну илип койгону үчүн кармалган.

Казакстандагы адам укуктары боюнча бюросу билдиргендей, активист “Бейбаштык” беренеси менен айыпталды.

21-апрелде активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен кармалган. Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан.​ Сот ошол эле күнү экөөн тең 15 күнгө камакка алган. Акцияны сүрөткө тарткан Сүйүнбийке Сулейменова, Айдос Нурбулатов, Айгүл Нурбулатовага соттун чечими менен айыппул салынган.

Дүйшөмбүдө Казакстан Башкы прокуратурасы расмий сайты аркылуу элге кайрылуу жолдоп, уруксат берилбеген митингдерге катышкандар жоопко тартыларын эскертти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: