Menu

Кызыл-Омполдогу «иттин өлүгүн» Роза Отунбаева көмгөнбү?

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол участогундагы уран казуу ишине коомчулук катуу кабатыр болуп, аны каздырбоо үчүн тикесинен тик турууда. Элдин сүрүнөн чочулаган Өкмөт уран казууну убактылуу токтотту. Учурда мамлекеттин келечегин, элдин ден соолугун ойлобостон лицензия бергендерди аныктап, укуктук жазасын берүү талабы көтөрулүүдө. Кээ бири Бакиевди, айрымдары Атамбаевди күнөөлөп жатышкан, кашайып, документалдуу түрдө Отунбаева калкып чыкты. Тактап айтканда, Кызыл-Омпол аянтында уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор кендерин чалгындоо үчүн «Кыргызстандагы Юразия» ЖЧКсына №2852 лицензиясы 2010-жылдын 18-ноябрында берилиптир. Бул учурда өлкөнү Роза Отунбаева жетектеп турган. Ал убакта парламент коалиция түптөй албай турган убак эле. Министрлер кабинети курала элек болчу. Андан да кызыгы, уран казууга киришкен компаниянын бир мүчөсү «Юразия Майнинг Компани» жетекчиси жана негиздөөчүсү Арсланбек Кененбаев болуп чыгууда. Бул экс-президент Роза Отунбаеванын жакын тууганы Айжан Чыныбаеванын күйөөсү болот. Демек, «иттин өлүгүн» апчебиз көмгөнбү? Бирок экс-ажо үн катпайт да. Шектүү шексинет болуп жатабы?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: