Саясий катмарда чындыкты туу туткан адамдар аз эмес. Ошондой абийирине камчы салдырбаган адамдардын бири Иса Өмуркудов десек жаңылышпайбыз. Экс-ажонун былыгы чубалган маалда жалтактабай туруп кемчилигин ачык айтып чыккандардын бири болду. Кечээ күнү эч ким айталбаган дагы бир чындыкты ачыкка чыгарып, Атамбаевдин тушунда жетекчилик кызматтарга билими жана тажрыйбасы жоктор дайындалып, алар өзүнчө катмарга айланып калышканын көсөм киши жаземдебей так айтты. «Ошол куугунтук коомго, айрыкча күч органдарынын ишине таасирин тийгизди. «Кол тийгистер кастасы» пайда болду. Билими, диплому барбы же жокпу, жооптуу, чечүүчү кызматтарга дайындашчу. Жыйынтыгын көрдүк – ошол түркөй, тажрыйбасы жок жетекчилер эмнеге алып келишти, кандай «мурас» калтырып кетишти. Баарын бир күндө өзгөртө коюу өтө оор. Себеби ошондой күч органдары өзүнчө катмар болуп калышкан. Буга каршы жүргүзүлө турган иш өз натыйжасын кийин гана берет» деди. Мындай сөздү эрки күчтүү, жүрөгүндө жалы бар киши айтат да эй!
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ