Menu

Турсунбек Акун кантип “дүжүргө” айланды?

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо, Атамбаевдин аппарат жетекчиси болуп олтурган Нарынбаевге кадимки Турсунбек Акун кантип “сүйүүсүн” арнаганын. “Кудайды караса болбойбу” деп канчасы жерге түкүрдү. Ошондо эле Тукебиздин экинчи бет кабы сыйрылып, жарыктык киши бийлик дегенде эт-бетинен кетээрин анда бир ырастаса, Акыйкатчылыгын өткөрүп бербей, “өлүп берем” дегенге чейин барып, ачкачылык жарыялаганда дагы бир тастыктады. Ал ортодо Батукаевди качырып ийдиң тейде капсалаң уюштурулуп, кимдин этегине кирип кетээрин билбей, “тигил жака” кирип кете жаздап барып токтоду. Айтор, акыйкат айтымыш этип, ар кимдин этегине намаз окуган жактан, билгенге Турсунбек Акунга эч ким жетпейт. Кыргызга биринчи өзүңдү жаманда, анан бирөөнү жаманда, ал жерде адилеттик бар деп түшүнөт. Тукебиз дал ушул методду абдан колдонот. А бирок, акыры чындык чыгат. Акундун акыркы кадамдары анын айкын күбөсү. Кечээ, басма булактарынын бирине маек берип жатып, азыркы өкмөт башы Абылгазиевди аябай мактап: “буга чейин мындай өкмөт болгон эмес, баарын жакшы алып баратат, ишенимдүү, ал турсун мында Президент болом деген амбиция жок” – деп, ээринен шыпырылып бараткан “кочкорлук укасын” колтугунан түртүп, жогорку жака ишарат келтирди. Акунга эл, жер, абийир, намыс деген эмес, Абылгазиевдин ээрде олтурганы керек экен. Амбициясы жок жетекчинин кимге кереги бар эле? Амбициясы жок болгон үчүн чек арабыз чечилбей, картошкабыз чирип, элибиз ээндеп кетти. Анан кайдагына айтып, Акун акыл айтып, саясатты тереңдетсе кыйналган элдин атынан бир ич күптүнү чыгарып койгун келет экен.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: