Алмаз Кулматов премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кенешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12-апрелде кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Алмаз Кулматов буга чейин президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коомдор менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ