Инженердик оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын эки көчөсү жабылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Киев көчөсүнүн Үмөталиев менен Шевченкого чейинки бөлүгүнө 25-апрелден тарта чектөө киргизилди.
«Бул аймакка суу жана жылуулук түтүктөрү жаткырылат. Иштер 10-майга чейин созулат», — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Ажыбек баатыр көчөсүнүн Шота Руставелиден Жунусалиевге (мурдагы Орджоникидзе) чейинки бөлүгү ушул эле себептерден улам жабылды.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ