Menu

КР Жогорку соту Садыр Жапаровдун өкүмү боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Жазык  кодекси  2019-жылдын 1-январынан баштап  колдонууга  киргизилгендигине байланыштуу, 1997-жылдын 1-октябрындагы Жазык  кодексинин беренелерин жаңы  жагдай боюнча кайра кароо жөнүндөгү жактоочу З.Базарбековдун  арызы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын №1-мекемесинин сунушу каралды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө, прокурор соттолгон С.Жапаровго карата жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартылууга жатат деген пикирин билдирген.

Жогорку соттун соттук коллегиясы жактоочу З.Базарбековдун арызын жана    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын №1-мекемесинин сунушун канааттандырып, соттолгон С.Жапаровдун жаза мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын ЖКнин 244-ст. 2-б. 1,2-п. менен 10 жылга чейин кыскартып, 1 жыл 6 айы алынып салынды.

Анткени С.Жапаров Кыргыз Республикасынын КЖКнин 30-ст. 4-б., 227-ст. 2-б. 1,3-п.п. (1997-жылкы редакциясы) менен күнөөлү деп табылган, алар боюнча 11 (он бир) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган, тактап айтканда барымтага кармоо далалат жасагандыгы үчүн соттолгон, ал эми аталган кылмышты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 244-ст. 2-б. 1,2-п. (2017-редакциясы) өзүнө камтыйт жана анда IV категориядагы эркиндигинен ажыратуу, башкача айтканда 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп көрсөтүлгөн.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 87-ст. 2-б. ылайык соттолгонго дайындалган, жаңы мыйзамдын санкциясынан ашкан жаза чарасы, жаңы мыйзамдын санкциясында белгиленген жазанын максималдуу чегине чейин сот тарабынан төмөндөтүлөөрү көрсөтүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 227-беренесинин 2-б. боюнча 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

2017-жылдын 15-сентябрындагы Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган, ал эми 2018-жылдын 13-июнундагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: