Menu

Кыргызстанда митингдин эмес, мыйзамдын сөзү сүйлөнсө!

Бөлүшүү:

Кыргызстанды чет жакта, өзгөчө боордош КМШ өлкөлөрүндө митингдердин өлкөсү деп таанып калганы эч кимге деле жашыруун болбосо керек. Албетте, элдин акыйкатсыздыкка, зөөкүрлүк менен заалимдикке каршы жарандык позициясын билдирип, укугун коргоп чыгышы бул эң соонун нерсе. Бул ошол элдин намысы менен абийири, хандан, бектен кайра тарптаган эрктүүлүгү. Кудай бизди эркинди сүйгөн ошол улуу касиетибизден айрыбасын! Бирок, ошол эле учурда митингдер кайсы бир күчтөрдүн балит иштерин жашырган же кыйты ойлорун обого чыгарган саясий иш чарага дагы айланып жатканы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы.

2005-жылдагы март окуясы, 2010-жылдагы Апрель окуясы жарандардын массалык каршылык акциялары эмне менен аяктаарын далилдеп берген. Ошол окуялар эсинде бар кайсы гана бийлик болсун, элдин сүрүнөн,, ачуу үнүнөн сестенет. Ошол учурду айрым саясий күчтөр бийликке каршы курал катары пайдаланып, жалданма митингдердин көбөйүшүнө алып келди. Жалданма митингдер Кыргызстанды жарга такачу митингдер. Кыргызстандын өнүгүп өсүшүнө, чет элдик инвесторлордун бизге келишине бут тозчу митингдер. Кимдир бирөөлөрдүн саясий кызыкчылыгы үчүн мамлекет жабыр тартпашы керек. Бийликке
кыр көрсөтүп, өзүнүн саясий же каржылык маселесин чечүүгө эч кимге жол берилбеши керек. Эгерде эле жалданма митингдерде айтылган талаптар бийлик тарабынан аткарылып, бийлик бир аз эле кетенчиктесе, анда эле Кыргызстан башаламандыктын, хаостун чаңында калат. Жалданма митинг аркылуу маселе чечиле башталса, анда Кыргызстан жок болот. Африканын ич ара тытышып, өздөрү менен өздөрү кырылып келаткан айрым өлкөлөрүнүн кейпин кийет. Ошондуктан сасык саясатчылардын митинг оюндарына бийлик, бийлик эле эмес, жалпы эл дагы каршы туруп, татыктуу жообун бериш керек.

Жалпы элдин көйгөйү көтөрүлгөн митингдерге эл эч кандай акчасы жок эле өзү чыгат. Андагы элдин маанайын бийлик сөзсүз эске алат, эсептешет. Мисалы Кызыл-Омполдогу уран кенине байланышкан митингге эл бир ооз, бир дем менен каршы туруп берди. Бийлик элдин каалоосун көрдү. Уран иштетүүгө токтоосуз тыюу салды. Бул элдин жеңиши, демократиянын жана мамлекетибиздин жеңиши.

Ал эми кечээ эле митингге чыккандарды карга-кузгунга теңеп жүргөндөр, тагыраагы экс өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликке каршы митинг баштайбыз деп “Ормон опузага” салып жатканын – саясаттын сасык оюну деп ачык эле жар салышыбыз керек. Ал таарынса досуна таарынсын, бирок мамлекетке бүлүк салбасын. Же Өмүрбек Бабанов “Кыргызстанга кайтып барам, эски аянтка 10 миң адам чогултам, облустук борборлорго дагы митингдерди уюштурам, мага козголгон кылмыш ишин жапкыла” -дегени бул ачык эле бийликке, мамлекетке билгенинди кылып ал деген муш кезөө. Саясий шантаж! Ал 10 миң кишинин арасында Бабановдун акчасына келген аянттагы бекер сендвич менен лимонадга кызыккан, башаламандык болуп кетсе бир нерсе улуп-жулуп алгандан кайра тартпаган бекерпоздор, башында шамал ойногон жаштар бар. Бабанов мына ушундай опурталдуу, догурунма жол менен Кыргызстанга келгиси келди. Эгер бийлик аз-маз алсыздыгын көрсөтүп, Өмүрбектин өктөм үнүнө моюн сунуп бергенде, эртең Бакиевдер “Ала-Тоо аянтына 20 миң киши чогултабыз, биз Кыргызстанга келебиз. Козголгон кылмыш иштерин жапкыла” – деп жар салышмак. “Анын артынан Акаевдер да ушундай жол менен кайтуунун амалын ойлоно баштамак.

Тимур Термечик

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: