Menu

АКШ Өзбекстанга “Жаслык” түрмөсүн жабууну сунуштады

Бөлүшүү:

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комитети Өзбекстанды дин тутуу эркиндигин одоно бузган өлкөлөрдүн катарында калтырды.

Комиссиянын 29-апрелде жарыялаган баяндамасында Өзбекстан Кытай, Мьянма, Орусия, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран жана Пакистан сыяктуу “өзгөчө көңүл бурууну талап кылган” өлкөлөрдүн катарына киргизилген. Документте Өзбекстанда 2018-жылы оң жылыштар болгону менен дин тутуу эркиндигин олуттуу бузган учурлар уланып жатканы белгиленген.

“Миндеген мусулмандар диний экстремизм айыбы менен түрмөлөрдө отурушат. Президент Шавкат Мирзиёевдин администрациясы диний экстремизмге айыпталган бир дагы соттолуучуну актаган эмес. Өкмөт мурда соттолуп чыккандардын өзүн-өзү актоосуна мүмкүнчүлүк берген жок” деп айтылат документте.

Комиссия Өзбекстан мектептеринде жана колледждеринде хиджап кийген окуучулар сабакка киргизилбей жатканын, бул абалды сынга алган блоггерлер камалып, айыппулга жыгылганын белгилеген. Баяндама авторлору буга байланыштуу өзбек өкмөтүн 1998-жылы кабыл алынган “Дин жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгууга жана аны адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө үндөдү.

Комиссия өзүнчө пункт менен көбүнчө диний себептер менен соттолгондор отурган “Жаслык” түрмөсүн жабууну сунуштаган.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылы 1-сентябрда 17 мин кишиден турган “диний экстремисттик кыймылдардын мүчөлөрүнүн тизмесинен” 16 миңи чыгарылганын билдирген. Алардын ичинен 9,5 миңи жумуш менен камсыздалганы маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: