Menu

Уйкуңдун канбаганы да жүрөккө зыян

Бөлүшүү:

Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын айтышты.

Иште стресске көп кабылып, уйкусу канбай жүргөн адамдын жүрөк ооруга кабылуу ыктымалдыгы жогору. Окумуштуулар эмгекке жарамдуу, бирок акыркы 18 жылдан бери кант диабети же жүрөк оорусу бар 2000ге чукул кишинин маалыматтарын анализдеп чыккан. Алар 25-60 жаш курагындагылар эле.

“Гипертензия чала уйку жана стресс менен коштолгондо адам жүрөк ооруга чалдыгышы мүмкүн. Стресс факторлору бул тобокелдикти 1,6 жана тынчы жок уйку 1,8 эсеге көбөйтөт”, -деп айтылат маалыматта.

Жумуштагы стресс иштегилерге коюлган жогору талап жана кызматкердин иш ыргагында тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл албастыгынан да келип чыгарын айтышты. Уйкунун канбашы да иштеги стресске байланыштуу экендиги белгилүү болду.

Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын жана адам өзүнүн салмагын көзөмөлгө алып турушу керектигин айтышты.

Буга чейин окумуштуулар жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдорун маалымдашкан.

Басылма сурамжылоо жүргүзүп, дарыгерлер көтөрүлгөн кан басымды кандай азык-түлүктөр түшүрөрүн айтып беришкен.

Маалыматка ылайык, адам тузду азыраак пайдаланып, курамында калий бар азыктарды көп жеши керек. Аталган элемент организмдеги суюктукту бөлүп чыгаруу менен кан басымды нормага келтире алат.

Калий көбүнчө таттуу картофелде, банан, томат соусунда жана апельсин ширесинде болот. Бирок калийди көп колдонуу да зыян, ошондуктан аны абайлап пайдалануу керек.

Дарыгерлер курамында калий бар азыктар көбүнчө бөйрөгү ооруган адамдарга пайдалуу экенин айтышкан.

Белгилүү болгондой, бул азык-түлүктөрдөн тышкары көтөрүлгөн кан басымды түшүрүүгө дене тарбия көнүгүүлөрү да жардам берет.

Күнүнө эки саат сайын бат-баттан кыймылдап туруу жүрөк-кан тамыр системасын өз калыбында кармап жүрүүгө жардам берип, ашыкча салмактан арылтып, кан басымды жөнгө салат.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: