Menu

Максат Чакиев, коомдук ишмер: “Биз тай казанды “биринчи өлүмдөн” сактап калдык, калган өмүрү бийлик колунда”

Бөлүшүү:

– Максат мырза, Дүйнөлүк этно форумунун алкагында сиз тараптан сунушталган Көк бөрү оюнун Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында кыргыз тараптын оюн эрежелерин колдонуу менен өткөрүү сунушуңузду башка өлкөнү өкүлдөрү кандай кабыл алды?

-Жалпы кыргыз элине терең ыраазычылык. Чындыгында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин проект болгон. Ал эми анын ичинде Көк бөрү оюну боюнча бизден талашып же кошумча бир нерсе киргизгенге акысы деле жок болчу. Тилекке каршы, көптөгөн мамлекеттерден Куралган Дүйнөлүк Көк бөрү федерациясы ал оюнду кыргыз эрежелери менен ойноого тыюу салып, жаңы жоболорду иштеп жатышкан. Ал эреже тай казансыз ойноо болчу. Мына ошол иштер боюнча болгон Дүйнөлүк этно форумунда мен ачык эле сөз алып, суранып, “тай казансыз ойноо деген чечимиңерди кабыл албай тургула”-деп айттым. Албетте, ал жерде дароо эле чечим кабыл алынган жок. Утушубуз, аларга биз тараптан сунушту киргизе алдык. Калганы кийинки кадамдарда билинет. Биздин расмий жетекчилер барып сүйлөшүп чечүүсү керек.

– Сизди Этно оюндар федерациясы: “ДКОну жеке өзүнүн менчик идеясы катары көрсөттү” дегендей айтып, сотко кайрылышаарын билдирип чыкты, мунун кандай кабыл алып жатасыз?

-Бул кадамдар мен үчүн күтүүсүз жана түшүнүксүз абалды жаратты. Ал жерде эч кандай жеке өзүмө тийиштүү кылып эч нерсени айтканым жок. Жалпы эле Кыргызстандын атынан эле сүйлөп, Кыргыз эли бул проектинин баштоочулары катары эле айткам. Аны видеодон деле кайталап көрсөңөр болот. Кызык болду чынында. Буга чейин ДКОнун 20дай автору чыкты, эч кимисин сотко беребиз деген деле жок. Дүйнөлүк аренада кыргыздын таламы деп, Тай казан, Көк бөрү деп жүрсөм мындай кадамдардын болушу, кыска айтканда көралбастык эле болууда.

– Чын эле ДКО Кыргызстандын эле идеясы жана ишке ашырган өлкө экени жалган эмес да. Же эл билбеген келишимдер, сүйлөшүүлөр бар беле?

– Көчмөндөр оюнунун жалгыз гана автору бар, ал кыргыз эли. Мүмкүн башка бир адамдар юридикалык жактан каттаса каттатып алгандыр, анысын ачык айтсам билбейм. Жанагы сотко беребиз деп жаткандар да мүмкүн ошолор. Мен дагы бир ирээт айтам, Көчмөндөр оюнунун жалгыз автору – бул көчмөн кыргыз эли.

– Көк бөрү оюнун кыргыз эрежелери менен ойнотпоонун кандай зарылчылыктары же карама каршылыктары болду эле. Дегеле талаш кайдан келди өзү?

– Чындыгын айтышыбыз керек, талаш-тартышдын баары биз тараптан кетти. Тай казан деген 1996-жылдары биз тараптан ойлоп чыгарылган. Бирок, ошону өнүктүрүп, кемчиликтерин карап, аны туура жолго салып, өнүгүү стратегиясын иштеп чыкпаптырбыз. Катуу тай казан ошол эле бойдон калды. Казак, өзбек туугандар 3-4 жылдан бери ошол тай казан менен эле ойноп келишти. Башка мамлекеттеги туугандар тай казанды колдонгон деле эмес. Бизден кетти дегеним, буга чейин айрым мамлекеттер кайрылышкан экен: тай казанды дагы өркүндөткүлө, башка жолдорун издегиле, коопсуздугун карагыла деп. Ошол эле Дүйнөлүк Көк бөрү федерациясы дагы көп жолу талкуулашкан экен. Бирок, кыргыз тараптан чечкиндүү аракеттер болбой, камырабай коюптур. Анан кээ бир мамлекеттерден тай казанда ойноого каршылыктар башталыптыр. Чындап эле канча жылдан бери бир тай казан менен эле ойноп, аны краскалап, жаңылап эле койбосок, аны талкуулап, дагы башка сунуштарды кыла алган жокпуз. Анан ошондой аракетибиз менен кантип дүйнөлүк аренага чыгабыз? Ар бир спортто эволюция, өнүгүү деген болот да. Биз иштебей, изденбей койдук, жыйынтыгы ушундай каршылыктар болууда.

Дагы бир жагы, спорт саясатын, спорт дипломатиясын такыр жүргүзбөптүрбүз. Азыр көрүп атасыңар казак, өзбек кызматы спорт саясатын, дипломатиясын жүргүзүп, ар кандай форумдарды өткөрүп жатышат. Ошол эле кезде сүйлөшүүлөрдү, талкууларды кылып, кеңешип жатышат. Чоң-чоң асоссациялар менен биримдиктер менен келишимдерди түзүп иштерди көрсөтүүдө. ЮНЕСКО жана башка дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз иштешип саясат жүргүзүүдө. Эл эми биз эмне кылып атабыз? Биз өз үйүбүздө олтуруп алып эле кыйкырып, коркутуп, үркүтүү менен алекпиз. Кечирип койгула, кыйкырган менен биз эч бир мамлекетти коркута албайбыз. Дипломатия саясатыбыз алсыз болуп жатат.

– Оюн эрежесин кимдер аныктайт жана кандай шарт менен. Атайын комиссия болсо, анда Кыргызстандын өкүлү барбы жокпу?

– Көк бөрү оюну боюнча Дүйнөлүк федерациясы бар. Баарын ошол жак аныктайт. Төрагасы казак элинин уулу Кайрат Сатыбалды уулу. Ал эми генералдык секретары биздин Жыргалбек Саматов. Тилекке каршы, ДКФ Көк бөрү оюнунун эрежесинде тай казансыз ойноо боюнча чечимин кабыл алып койду. Бул суроо мага эмес, ошол Жыргалбек Саматовго берилсе туура болот. Ал эми ДКОдо болсо тай казан менен ойноо шарттарын каратып, аны киргиздирүүгө биздин таасирибиз болушу керек. Биз негизги ветону колдонуп, Туркияга расмий билдирүүнү берип, “Көк бөрү оюну тай казан менен өтсүн” десек, Туркия ал аракетти эске алат жана менимче ал кадамга барат.

– Эгер сиздин берген сунушту четке кагып койсо кандай аракеттерге барасыз?

– Азырынча мен берген сунушту четке кагышкан жок. Декларация кабыл алышты. Анын ичинде тай казансыз өтсүн деген пункту жок. Дегеле тай казансыз деген сөз жок. Демек, түрктөр муну кийинкиге калтырды. Бул биздин жеңишибиз. Экинчисинен, мен мындан ары жаран катары эч нерсе кыла албайм. Буга чейин жаран катары чоң милдетимди аткардым. Мындан аркысын расмий кызмат чечиши керек. Жеке менде эч кандай расмий укуктар жок. Кол койгонго да болбойт. Кол койгон күндө да ал эч нерсеге жараксыз, аны айрып ыргытып деле жиберет.

– Расмий бийлик болгондо ким?

– Бул министрлик жаны Көк бөрү федерациясы. Аны менен бирге Түрк кеңеши бар, анда биздин Президенттин өкүлү олтурат, ошолор ишке ашырат. Бул жерде эң башкысы дипломатиялык иштерге көз каранды. Ага тышкы иштер министри да кошулушу керек. Мен ачык эле айта алам, жаран катары биз тай казанды “биринчи өлүмдөн” сактап калдык.

Маектешкен: Тимур Термечиков
Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: