Menu

Талас облусу деле урандан куру калбаптыр

Бөлүшүү:

Уран чуусу басыла электе касиеттүү Манас атабыз жердеген Талас облусунан уран “казганга” уруксаат алган компаниянын лицензиясы калкып чыкты. Казганга дегенибиз баары эле башында чалгындоо иштерине деп уруксат алып, убакыт өткөндөн кийин тымызын казып киришет. Уран “казганга” уруксаат алган жагынан Талас аймагы деле куру калган эмес.

Бакай-Ата районунун, Ак-Дөбө, Бейшеке, Оро, Орловка, Боо-Терек айылдарынын тоолорунан тартып, Кара-Буура районуна чейин уран казууга “Рич Маунт Гонконг” компаниясы уруксаат алган. Башында уруксатты ким берген? Узартканын го Зилалиев деген неме 2017-жылга чейин узартып берген экен. Эмки тагдырына кызыгып коюшубуз керек. Эмне болуп атышат?

Кожобек Рыспаевдин күпүлдөп атканы, мындай компаниялардын лицензиясынын далайын “адалдашты” го. Зилалиевдики го мейли, түшүнүктүү. Билдик анын ким экенин. Билчүбүз. Ою жаман орун басарынын 14 квартирасы кайдан чыкты? Кайдагы акчаларга алынды? Ким аныгына жетти? Баары тыкыр иликтениши керек. Азырынча ачык маалымат жок.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: