Menu

Рустамовдун толтура былыктары чыкты

Бөлүшүү:

Абдыкалык Рустамов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигин 2016-жылдан бери жетектеп келатат. Ага чейин ушул эле кызматта 6 жыл директордун орун басары болчу. Кыскасы, 9 жылдан бери аталган агенттиктин “майын сызгырып”, капчыгын калыңдатып, укмуш байып жатканын жакшы билгендер байма-бай айтып жүрүшөт. Ал жетектеген агенттик коррупциялашып кеткен. Өткөн жылы эле өкмөт башчыдан эки эскертүү, эки катуу сөгүш алган. Ал аз келгенсип, Коопсуздук кеңеши Рустамовдун көптөгөн мыйзамсыз иштерин, былыктарын чубап чыгып, өкмөт башчыга аны кызматтан алууну жана Башкы прокуратурага мыйзамсыз иштерин текшерип чыгууну сунуштаган. Бирок Рустамовго бүтүнкү күндө өкмөт башчы дагы, Баш прокуратура дагы тиш сала албай турат. Демек, анын коргоочусу президенттин өзү болуп жүрбөсүн. Айтор, ашмалтай коррупционерлер минтип ачыкталып жатса да, ажо аларды кызматтан албай, жоопко тартпай жатканын кандай түшүнсөк болот.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: