Menu

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды уруп-согууга айыпталууда

Бөлүшүү:

Ташкенттеги психиатриалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын туугандары клиника кызматкерлери оорулууларды уруп-согууга айыпташууда.

Мадина Набижонованын айтымында, 24-апрелде санитардык дарыгер анын психикалык жактан оорулуу күйөөсүн жерге жаткырып алып, муунткан. Бул учур ооркананын видеокөзөмөл камерасында жазылып калган.

Бейтап көчөгө уруксатсыз чыгууга аракет жасаганы үчүн токмок жеген.

– Алар алсыратуучу ар кандай дарыларды беришет. Менин күйөөм алардын таасири менен араң басып калган. Санитардык дарыгер аны мойнунан кармап, жулкулдаткан. Андан сон жерге жыгып алып, муунтуп кирген. Мен муну көрүп, дендароо болуп калдым. Бул видеону сиздерге жөнөттүп жатам, психиатриалык ооруканада оорулуларга кандай мамиле жасаларын башка бейтаптардын туугандары дагы көрүшсүн, – деди Набижонова. Ал күйөөсүн ооруканадан чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.

Психиатриалык оорукананын башкы дарыгери Хайрулла Хусанхожаев бейтаптар сабалат деген маалыматты четке кагып, эгер дарыгердин бейтапты урганы тастыкталса, ал жумуштан бошотуларын айтты.

Ошол эле маалда башкы дарыгер айрым учурда санитардык дарыгерлер бейтапка каршы күч колдонууга аргасыз болушарын кошумчалады.

Ташкент шаардык клиникалык психиатриалык ооруканасы 1896-жылы курулган, 2013-жылы ондоп-түзөөдөн өткөн. 2018-жылы ооруканага Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев келип, келечекте клиниканы чет элдик медициналык жана илимий мекемелер менен кызматташа турган жайга айландырууну сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: