Эки күн мурун Бишкек шаарына 141 жыл деген шылтоо менен, мэрия бюджеттин миллиондогон каражатын коротту. Бишкек шаарынын туулган күнү деп шаардыктарга чоң концерт уюштуруп, ага өзбек ырчылары Согдиананы, “Ялла” тобун чакырды. Албетте, бекер эмес, оңбогондой акча төлөштү. Баарынан кызыгы Суракматов дегениң мурунку мэрлерди да чакырып, аларды болушунча майрамдатты. Ошол мэрлердин көбү коррупционер, элдин жерин саткандар, айтор эл жек көргөндөр. Алардын ана башында кебетеси анчалык кыргызга окшой бербеген, мэр болуп турганда Нескара, Жолой деген калмак баатырларынын айкелин аянтка тургузган Түлеев да жүрдү. Эске сала кетсек, Суракматов 2011-жылы Түлеев менен кошо “Ата-Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Анан “эски дос эстен кетпейт” болуп, Түлеевди минтип сыйлап тургандагы кербези. Чынында мындай коррупционерлерди көргөндө жерге гана какырып түкүргүң келет, иттики десе…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ