Кез-кезинде түрмөлөр катуу текшерүүдөн өтүп турат. Жакында эле №1 түзөтүү колониясы ЖАМКнын 400 кызматкери тарабынан тыкыр текшерүүгө алынды. Ошондо колго жасалган 3 темир сейф, 48 бычак, ичкилик чыгаруучу бир аппарат, 76 уюлдук телефон жана 350 грамм кара куурай табылган. Анан да качып кетүү үчүн казылган жолдор да табылган. Биздин мамлекетте 11 түзөтүү мекемеси, 11 жатак абак жана датергөө абагы бар. Бул мекемеге генерал Мелис Турганбаев келгени тартип катуулап жатат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ