Menu

Урандын зыяны эч бир технологияга баш бербейт!

Бөлүшүү:

Бу бийлик дегениң өткөн-кеткен жаман-жакшы иштерге сарэсеп салып, ошого карата жакшылык кууп аракет кылыштын ордуна утурумдук кызыкчылыгын көздөп эле иш жасай берет тура. Ошонун эң сонун мисалы Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетебиз дегени болуп турат. Уран чыккан кендер Совет доорунда иштетилип, анын зыянын карапайым эл эмдигиче көруп жатат. Кажы-Сай, Майлуу-Суу, Миң-Куш сыяктуу жерлерде көмүлгөн уран кендеринин калдыктары жашоочуларга, мал-жанга терс таасирин тийгизип жатат.

«Кумтөр» алтын кенин иштеткен канадалыктарга башынан эле алданган кыргызың эмдигиче ошол жолунан кайта элек. «Кумтөр» мынча пайда келтирип жатат, анча пайда келтирип жатат» деп ошонун акырынан «жем жегендер» аны жерге-сууга тийгизбей мактап жатканы. Эй, эгерде канадалыктар бизди киши катары көрүп, кирешесинен бизге тийешелүүсүнөн кымтыбай берсе, мындан он эсе кирешебиз көп болмок. Экинчиден, эч кандай алтын-палтынга бергис түбөлүктүү мөңгүлөрүбүз талкаланып жатат, үчүнчүдөн, ошол жерге көмүлгөн кендин калдыктары кийин зор зыян кылат.

Мына, ушул жогорудагыдай бизге зыяндуу иштерден чоң сабак алып иш жүргүзүүнүн ордуна бийлик деген каапырың азыркы кызыкчылыкты, анан өз чөнтөгүн көздөп аракет кылат да. Алар үчүн эртең, маа демектен, топон суу каптап кетсин, а азыр болсо, чөнтөктү кампайтып алыш керек. Бу бийликте отургандарда тоюнуу деген болбойт экен, андан түшүнүгү да жок окшобойбу?! Эми карабайсыңарбы, Тоңдогу кенди иштетүүнү тык токтотуштун ордуна, жанагы Абылгазиев деген премьер «комиссия түзөлү, алар тыкыр изилдеп чыксын, анан чечим кабыл алабыз» деп жаш баланы алдагансып туруп, анан элдин түрүн көрүп «кенди иштетпейбиз» дегенди араң айтты… «Кичине убакыт өткөрөлү, анан эл да тынчыйт, ошондон соң, иштете беребиз да…» деген арам ой бийликтегилерде жашап турбайбы. Ою ташка тийсин! Азыр деген илгеркидей кайда айдасаң, ошол жакка баса берчү эл жок, баары укугун билет, жакшы менен жаманды ажырата алат, жана, эң негизгиси, дайны жок эле бийликтен корко бербейт!

Ошол Кызыл-Омполдогу уранды казууга уруксат бергендин баарын жоопко тартыш керек. Адатта алар кутулуп кетет, бул жолу кутулбагандай болсун, кендин лицензиясын узарткан ар бир жетекчи сот жообуна тартылсын жана чоң айып пул төлөсүн!

Кенди казууга кызыкдар тарап «азыр жаңы технологиялар бар, кен ошол жол менен иштетилет, экологияга, элге кенедей да зыяны болбойт» деп каражанын жеп жатат. Деле, балекет технология болсо да уран чыккан жердеги зыянды баса албайт. Уран дегениң эч кандай технологияга баш бербегенин окумуштуулар небак эле иликтеп койгон!

«Ысык-Көлдө уран кенин иштетип жатышат» дегенди уккан чет элдик туристтер эзели бул жакка жолобойт. А көл эли кийин жалаң туристтер менен иштеп жан багып калган.

Аз күн мурун Кызыл-Омполдогу уранды казууга лицензия алган «ЮрАзия» компаниясынын жетекчиси бир катын сайрап жатат, «бул кенди иштетүүгө жапжаңы технологиялар колдонулат, экологияга, элге кенедей да зыяны болбойт»- деп тим эле жаагын жанат. Атасынын башы! Биздин эл да бирдеме билет, ал катындын жүзүкаралык менен айтылган жомогундайга алданбай калганына көп болду!

Бир катар депутаттар уранды казууга 50 жылга чейин тыюу салуу керек деген мыйзам кабыл алабыз деп демилге кылып жатат. Туптуура. Башка жол болушу мүмкүн эмес!

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: