Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ак ниет эмгек – ар бир коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерин 1-Май эмгек күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди бүгүнкү жаркыраган жаз майрамы – Эмгек күнү менен куттуктайм!

Бул майрам биздин тарыхтын ажырагыс бир бөлүгү  болуп саналат. Чынчыл, ак ниет эмгек – бардык коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи экендигине мен терең ишенем. Ал ар кандай кесиптеги, курактагы жана түрдүү улуттагы элдерди бириктирет.

Биз жалпы күч-аракеттерибиз менен гана өлкөбүздү гүлдөтүп өнүктүрө алабыз деп ишенем. Өлкөбүздүн өнүгүүсү ар бирибизден көз каранды.

Белгилей кетсем, кабыл алынып жаткан стратегиялык документтер, өкмөттүк программаларыбыз, ар кыл макулдашуулар биздин мамлекеттин экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга жетишүүгө багытталган.

Ушул күнү өзгөчө ыраазычылыгымды биздин урматтуу  ардагерлерибизге билдиргим келет, алар өмүр бою эгемендүү Кыргыз Республикасынын  бакубатчылыгы үчүн эмгектенип келишти.

Урматтуу мекендештер!

Сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздерге суроо-талап жогору болуп жана татыктуу бааланып, сиздерге материалдык жыргалчылыкты алып келүүсүн каалайм.

Бүгүнкү күнү ар бирибиз өз эмгегибиз менен жаркын жана коопсуз келечегибизди курабыз. Биздин балдарыбыздын жана өлкөбүздүн бактылуу жана бакубат келечеги биздин бүгүнкү күч-аракеттерибизден көз каранды! Майрамыңыздар менен мекендештер!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: