Menu

Видео – Кубан Мамбеталиев: “Депутаттар Жанар Акаев менен Каныбек Иманалиевге да айттым, “макул” деп коюп жасашпайт,” ушундай депутаттардын кимге кереги бар?”

Бөлүшүү:

“Кен казуу боюнча чет элдиктер менен келишим түзүп жатканда кирешеден тигинче мынча процент деген болбойт, ал жомок. “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча алгач англичандар таза продукциянын 50%ын силер, 50%ын биз алалы деп келишкен. Кирешеден эмес, таза алтындын слиткасынын жарымын алар, жарымын биз алмакпыз”, – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде профессор Кубан Мамбеталиев.
“Биздин чоңдорго анын кереги жок болчу, кетирип жиберишти. Анан алар Өзбекстанга барды эле Ислам Каримов дароо келишим түзүп, бир алтын кенин берди. “Оксус” деген фирма азыр Өзбекстанда иштеп жатат. Алардын иштөө схемасы өндүрүлгөн таза алтынды тең бөлүү. Ага кеткен чыгым, анан кирешени эсептөө жок. Эгер кирешени бөлөбүз деп келишим түзүлсө анда, кирешени азайтыш үчүн чыгаша көбөйтүлүп жазыла берет. Ошондуктан дүйнөлүк практиканы алып, чет элдиктерге өндүрүлгөн даяр продукциянын жарымын бизге берсең гана кенди беребиз деп келишим түзүш керек. Генералдык келишимге мына ушинтип жазыш керек. Ал үчүн азыр иштеп жаткан жер казынасы тууралу мыйзамды өзгөртүш керек. Кендерди казууда “киреше бөлүнөт” деген норманы алып салып, “даяр продукция бөлүнөт” деген норманы киргизиш керек. Мен муну депутаттарга айта берип тилим тешилди, мыйзам долбоорун жазып, ушул эле сөздөрдү алмаштырып койсоңор, кендерден мамлекеттин казынасына акча түшө баштайт деп айтып эле келатам. Макул дешет, бирок жасашпайт. Тиги депутат Каныбек Иманалиевге деле айттым, Жанар Акаевге деле айттым, эч кимиси жасабайт. “Макул, макул, туура, туура айтып жатасыз байке” деп коюшат, бирок эч нерсе жок, демилге жок. Демек андай депутаттын, андай парламенттин кереги жок. Демилгелерди жасай турган, мыйзамдарды иретке келтире турган, Кыргызстандын пайдасына иштей турган мыйзамдарды чыгара турган депутаттар керек, ошондой парламент керек. Ал эми биздин партийный лидерлерибиз эмне кылып жүрөт, алар парламенттеги депутаттардын санын көбөйтүү менен алек. Мурун парламент 75 депутаттан турчу, 90 болчу, анан 2010-жылы 120 депутатка жеткиришти. Булардын оюна койсоң, булар депутаттардын санын 250ге жеткирет, учурунда 350 болгон деп 350ге жеткирет. 350 деген бул “кормушка”. Партиянын кассасына “кормушка” болот. Муну айта берип тажадык, эл да тажады. Парламенттик системаны өнүктүрөлү деп демилге көтөрүп жатышат, бирок ал жерде конкреттүү сунуш, эч нерсе жок. Референдумга 3-4 суроону коюп коюптур, референдумга 3-4 суроо менен чыкпайт, референдумда бир эле суроо болот. Ал суроого эки эле жооп болот “макул” же “жок” деген. Биздин жарандар 75 гана депутат болсун, анын 40 депутаты партиялык тизме менен 35и бир мандаттуу округдардан шайланып келсин дегенге добуш беришет эле деп ойлойм. Ошондо баланс болуп калат эле. 35ке партияга байланбаган инсандар келет. Анан парламенттик система кылабыз дешет, парламенттик система болуш үчүн эл бир гана парламентти шайлаш керек. Ошондо өлкөдө парламенттик система орнойт. Эгер эл парламентти да, президентти да шайласа анда парламенттик система болбойт. Президенттик-парламенттик болот. Бизде жомок көп, саясатчылар, эксперттер жомокту көп айтышат. Мына, 2010-жылы эл көп үмүт кылды эле, “конституцияны өзгөртүш керек” дешсе ага да макул дешти, өзгөртүштү. Бирок Конституциялык кеңештин мүчөсү Токтайым Үмөталиева айтып жатпайбы биз даярдаган текстти акырында уурдап кетишти деп. Референдумга башка долбоорду чыгарып коюшту эле эл ошого добуш берип коюшту деп. Эл эмне, 120 депутатты күтүптүрбү? Бирок бийлик ошого мажбурлап, добуш бер деди эл добуш берди, анан добуштарды жасап коюшту, эптеп өткөрүп алышты. Мына, эми ошону менен жашап жатабыз. Эми өзгөрткөнгө болбойт дешет, эмнеге болбойт? Буга чейин канча жолу өзгөрттүк, болуп эле келбедиби. Референдум аркылуу жасашсын. Жанагы Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамды да Конституцияга байлап койсо болот. Уран казылбасын, эч качан казылбасын деп бекитиш керек. Ал эми алтын жана башка кендерди 50% даяр продукция бөлүнсүн деп мыйзамдаштырып коюш керек”, – деди профессор Кубан Мамбеталиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: