Menu

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун соту мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровго чыгарган Жогорку соттун чечимине коомчулук нааразы болуп атканын көрүп атабыз.  Элдин маанайы менен эсептешпегендер эмне болгонун билесиңер? Эртең адилетсиз чечим чыгарган сотторду жазалоо күнү келсе, алар тозоктун отуна чейин эле түрмөдө өздөрү отуруп калышпайбы?..

– Жылдызкан айым, Садыр Жапаровду Жогорку сот 10 жылга камады. Мурункусунан 1 жыл 6 айга гана кыскарды. «Мыйзамсыз чечим чыкты» деп президентке чейин кайрылдыңыз. «Акталат» деп күттүңүздөр беле?

– Сот мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү. Жапаров мыйзам сактабаган соттордун айынан өтө көп запкы жеди. Тилекке каршы, биздеги саясый элита өч алуу айлампасына түшүп алган. Бири-бирин сындырып, камап, саясаттан упай топтошот. Жапаров мына ушул саясатгын туткуну, курмандыгы болгону мени таңкалтырат. Ал коррупциянын очогу болгон Кумтөрдү ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, мамлекетке зыяны, элге-журтка кесепети тууралуу айткандан кийин куугунтукка алына баштаган. Акыры өзүн камады, балдары, бир туугандары да кыйналышты. Ата-энеси дагы баласынын акыйкатсыз камалып кеткенин көтөрө албай, көз жумуп кетишти. Бул – трагедия. Мындай иш Жапаровдун үй-бүлөсү эле эмес, ар бир саясатчынын башына келип калышы мүмкүн.

Мен азыр билбей турам, «Жапаровду 10 жылга кескиле» деп сотторго ким заказ берди? Балким, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өч алып жаткандыр… Калиеванын Жогорку сотто төрайым болуп отурушунун өзү мыйзамсыз. Эмнеге минтип айтып жатканымды ал өзү жакшы билет. Себеби, ал талапкерлиги көрсөтүлүп жатканда дагы ушуларды айткам. Балким, ошонун өчүн алып, «атажуртчуларга» ичкүптүсүн Жапаровдон чыгарып жаткандыр. Эгер мыйзамга таянып карай турган болсо, Жапаров акталат эле. Жабырлануучу Эмил Каптагаев да ушул сөздү айтып жатпайбы!

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: