Menu

Бети калың Мурашевге качанкыга чейин чыдайбыз?

Бөлүшүү:

Учурда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп аткан кез. Тилекке каршы, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «быш» этип да койгон жок. Коомчулук үчүн оор уйкуда жаткандай сезилет. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, быйыл анчейин алдын ала билдирүүлөргө бара албады. А былтыр элибизди Мурашев картошка айдаганга үндөп, Өзбекстан чоң өлчөмдө сатып аларын жар салган. Ортодон карапайым калкыбыз алданып калды. Ушу күнгө чейин картошкалар тонналап чирип, итбекер баада болгону ырас.

Алигүнчө министрге наалыгандар, каргагандар да арбын. Бул эргул кечирилгис катачылыгы үчүн өткөн күздө эле кызматынан кетиш керек болчу. Бирок, тырмышып отурат. Бир жагынан «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жөлөсө, экинчи тарабынан шөмтүрөгөн өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев креслосунан ала албайт. Ал эми ортодо эл кыйналууда. Маселен, жазгы талаа жумуштары башталганга чейин Мурашев дыйкандарга багыт берип, быйылкы жылдын прогнозун жасаш керек эле да. Элибиз эмне эксе, күздө түшүмүн нарктуу баада сата алышат? Элементардуу гана суроо. Эң жөнөкөй шарттарды түзө албаган министрдин кимге кереги бар? Бажы биримдигине киргенибиз менен артыкчылыктары болдубу? Казактар жылыга чек араны жабат, же алар менен теңата сүйлөшө албайбыз. Иш жүзүндө фермерлерибиздин өндүргөн айыл чарба продукцияларын мамлекет өткөрө албай келет. Кыскасы, мындай бети калыңдарга качанкыга чейин чыдайбыз?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: