Menu

Видео – Санкт-Петербургда кыргыз жердештерин коркутуп, акчаларын тоноп жүргөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Санкт-Петербургдан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте өз мекендештерин уурдап, зомбулук көрсөтүү менен опузалап талап кылып жүргөн Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү узак убакыттын аралыгында Санкт-Петербург шаарынын жана Ленинград облусунун аймагында этникалык белгилер боюнча түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ тарабынан Кыргызстандын жарандарына карата укук бузган иш-аракеттер жасалып жаткандыгы, көп убакыттан бери физикалык күч колдонуп жана өлтүрөбүз деп коркутуу жолу менен акча каражаттарын мыйзамсыз чогултушуп, опузалап талап кылып, адамдарды уурдап, андан сырткары алар  койгон талаптарды аткарышпаса туугандарын жазалай турушкандыгын айтышып,  мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип жүрүшкөндөр тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн.

Ыкчам алынган маалымат боюнча этникалык кылмыштуу топтун мүчөлөрү Санкт-Петербург шаары менен Ленинград облусунун аймагында мыйзамдын негизинде эмгектенип жүрүшкөн мекендештерине карата укук бузган иш-аракеттерди жасап жүрүшкөн. Ал эми жабырлануучулар, Россиянын укук коргоо органдарына кайрылышпагандыктан, кылмыш жасаган адамдар өз жазаларын албай, кайрадан Кыргызстандын жарандарына карата укук бузган иш-аракеттерди улантып келишкен.

Ар кандай булактардан жана биздин жарандардан алынган маалыматтардан кийин, ИИМдин Өкүлчүлүгү алынган маалыматтарды жеринен текшерүү үчүн Санкт-Петербург шаарына барган. Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгы менен Россиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы маалыматтар текшерилип, тастыкталган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан дагы маалымат ыкчам тастыкталган. Кылмыштуу топтун катышуучулары тарабынан жабыр тарткандардын дагы өздүгү такталган. Жогорудагы факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмүнүн “а”, “в”, “з” пунктарында көрсөтүлгөн кылмыш белгилери (Адам уурдоо, кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн топ тарабынан  болжолдуу сүйлөшүп алып, ден соолукка же өмүргө коркунуч жараткан зомбулукту колдонуу, же ушундай зомбулукту колдонобуз деген коркутуулар) боюнча кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгын менен Россиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Россиянын гвардиясынын жоокерлеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүлөр кармалган:

1) Ош облусунун Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну, маалымат боюнча Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча “Смотрящий” болгон.

2) Ош облусунун Алай районунун 1987-жылы туулган Э.А. аттуу жогорудагы “Смотрящий” адамдын жакын кишиси болгон, криминалдык чөйрөнүн адамдарынын бири.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча кармалган жарандар УКТнын биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 2019-жылдын 30-апрель күнү соттун токтому менен кармалган жарандарга карата Санкт-Петербург шаарындагы тергөө абагына эки айга камакка алуу чарасы тандалды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери менен биргеликте аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колунан жабыр тарткандардын өздүгүн тактоо, андан сырткары ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=ZCqDWz_2A1A

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: