Menu

Ташкентте антитеррордук рейдден кийин араб тили борбору жабылды

Бөлүшүү:

Ташкенттеги “Хикматли билим” тил үйрөтүү борбору Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги жүргүзгөн рейддерден кийин жабылды.

Араб тили мугалими Дильфуза Каримованын айтымында, борборду жабуу – рейд учурунда табылган Куран китеби менен байланыштуу. “Алар мен сабак берген бөлмөдөн Куран китебин таап алышып, диний билим берүүгө болбой турганын айтышты. Мен араб тилин гана окутам, бул борбордо тил гана үйрөтөм”, – деди ал.

ИИМдин Алмазар райондук башкармалыгынын терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери борбордо лицензияда каралбаган ишмердүүлүк менен алектенишкенин билдирди.

“Хикматли билим” тил борборунун мурунку аты “Умар Мирзо” болгон. Ал жакта үч айда эки жолу антитеррордук рейд жүргөндөн кийин борбор ишин токтотуп, марттан кийин анын ордуна “Хикматли билим” тил борбору ачылган.

Өзбекстанда дин мамлекеттен тышкары турат. Диний окуу жайлары атайын лицензиянын негизинде гана иш алып барышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: