Menu

ИИМди коррупцияга батырган Кашкар Жунушалиев кызматынан кетпейби?

Бөлүшүү:

Башыбыздан өткөн эки революцияда тең күч органдары президенттерге туура эмес маалыматтарды беришип, адаштырышкан. Акырында качкын президенттердин тагдырларын көрүп атабыз.

Андыктан, өткөн чактагы катачылыктарды эске алуу эп, өзгөчө министрлердин ишмердигине келгенде. Эмне үчүн артка кылчайып атабыз? Себеби, бүгүнкү күндө кедеринен кете башташты. Өзгөчө милиция кызматкерлери менен элдин ортосундагы тирешүү күндөн-күнгө көбөйүп баратканы жакшылыкка алып келбейт. Эгерде министр Кашкар Жунушалиев алдыны көрө билсе, мамлекет менен президентке күйсө, «тырмооктун башын тебелебейт» болчу. Эски метод аркылуу иштебей, элге милицияны тукурбай, коомдук коопсуздук кырдаалдын алдын алуу жагынан көсөмдүктү көрсөтүп, жаңыча иш баштаса алкайт элек. Бул жагынан ийгиликгин «и» тамгасын да көрө албадык. Тескерисинче, милиция учурда карапайым калктын ишениминен чыгып бүттү. Жаңы жылдан бери эле «формачан кылмышкерлердин» канчасына күбө болдук? Ай сайын пара алып кармалышат, ар кандай кырсыктардын себепкери болушат, кыскасы, үлгү көрсөтпөй калышты. «Балык башынан сасып» атса, кайдагы жакшылыкты оозанабыз? Кана, милицияда реформа болгону? Уюшкан кылмыштуу топтор көчөгө өлүктөрдү таштап кетишүүдө. Оор кылмыштардын көпчүлүгү ачылбай калып атканын отчеттердон эле карабайлыбы? Иш жүзүндө жыргап кетишкенсип, жол көзөмөлдөө кызматына 5 машинаны 10 миллион сомго алганы жатышканы кандай? А баса, ИИМде кадр саясаты базар соодасына айланып баратканы жалганбы? Бекеринен башкы прокуратура эң коррупциялашкан системалардын сап башына ИИМди жазды дейсиңби? Айтор, суроолор көп, алгылыктуу иш жок. Ошон үчүн Атамбаев ачууланып, беш ай Жунушалиевди министр кылгандан кийин иштен айдаса керек. Кечээ бычакка сап боло албаган Кашкар «мырза» бүгүн жыргатабы? Андыктан, кеч боло электе мындай министр өз баасын алып, кызматтан кетиши зарыл. Ордуна татыктуу жетекчи дайындалбаса, эртең бармагыңарды тиштеп каласыңар…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: